БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Август 2023 ж. 15:26

Көрүлдү: 1231

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Ай Кью” окуу-тарбия комплексинин 84 бүтүрүүчүсүнүн жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына тапшыруусу боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

post.title

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен 2023-жылдын 2-августунда “Ай Кью” ОКТнын бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билими жөнүндө аттестаттар берилген.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору маалымдагандай, “экстернат” программасы боюнча окуган 84 баланын ичинен жалпы республикалык тесттен 35 окуучу гана босого балл 110дон жогору  алган.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн 5 тур өткөрүлдү: I тур – 17-июлдан 22-июлга чейин, II тур – 24-июлдан 29-июлга чейин, III тур – 31-июлдан 6-августка чейин, IV тур – 7-августтан 12-августка чейин, V тур – 14-августтан 19-августка чейин.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар