КУЛАКТАНДЫРУУ! 24-АВГУСТТА ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР ҮЧҮН КИРҮҮ СЫНАГЫ ӨТӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

23 Август 2023 ж. 14:47

Көрүлдү: 868

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда билим алуу үчүн документтери кабыл алынган чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздардын кирүү сынактары (компьютердик тестирлөө) 2023-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясында өткөрүлө тургандыгын маалымдайт.

post.title

Медицина, информатика, технологиялар багытын тандагандар үчүн сынак 24-август күнү саат 08.00до башталат.

Табигый илимдер, социалдык гуманитардык багытын тандагандар үчүн сынак 24-август күнү саат 12.30да башталат.

Маанилүү!

Сынакка кирүү үчүн катышуучунун жанында паспорт болушу зарыл. Күбөлүк менен келген катышуучулар сынакка киргизилбейт.

Адрес: Бишкек шаары, И. Панфилов 237 көч. (М. Фрунзе/Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши).

Кошумча маалымат алуу үчүн: 0312 621519.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар