КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР ЖАНА КОЛЛЕДЖДЕРДИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАЖРЫЙБАСЫН ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Август 2023 ж. 18:10

Көрүлдү: 706

16-августтан 19-августка чейин Кыргызстандагы 23 кесиптик лицей жана колледждеринин жетекчилери дуалдык билим берүүнүн тажрыйбасын иликтөө максатында Татарстандын Алабуга атайын экономикалык аймагынын жана «Алабуга Политех» колледжинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

post.title

1-сентябрдан тарта сабактан тышкары учурда “Алабуга Политехтин” кошумча программасы боюнча ишкердиктин жана финансылык сабаттуулуктун негиздери боюнча окуу башталат.

Билим берүү жана илим министрлиги менен «Алабуга» өнөр жай тибиндеги атайын экономикалык аймак» акционердик коомунун кызматташуусу 9-11-класстын  окуучулары арасында ишкердик боюнча олимпиада жана мектеп жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу курстары өткөрүлдү. Мындан тышкары ишкердиктин жана финансылык сабаттуулуктун негиздери боюнча программаны жайылтуу максатында окуу борборлорун түзүү пландаштырылып жаткан 9 пилоттук мектептин 27 информатика мугалими үчүн окуу уюштурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар