Аккредитация жана сапатты баалоо бөлүмү
Аккредитация жана сапатты баалоо бөлүмү
КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР АККРЕДИТАЦИЯЛООДОН ЭЛЕКТРОНДУК ФОРМАТТА ӨТӨТ

Көрүлдү: 0

Бүгүн, 8-сентябрда Баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгы менен Аккредитациялоо сектору тарабынан республикадагы бардык кесиптик лицейлердин жетекчилерине электрондук аккредитациялоо боюнча онлайн окутуу жүргүзүлдү.

post.title

Анда Билим берүү жана илим министрлигинин Баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гулнура Мамырова мындан ары кесиптик лицейлерди аккредитациялоо автоматташтырылган система (АСУЛА) аркылуу ишке аша тургандыгын билдирди.

Ал эми Аккредитациялоо секторунун башчысы Бактыгүл Акулова кесиптик лицейлерди каттоо лицейдин директорлору аркылуу жүргүзүлөрүн белгиледи.

“Арыз берүү үчүн билим берүү уюмунун жетекчиси (директору) электрондук санарип кол тамга алып, аккредитациялануучу уюмду системага каттайт. Андан кийин өзүн-өзү баалоонун материалдарын системага киргизет. Ал эми аккредитациялоодон өтүүгө арыз автоматтык түрдө иштелип чыгат. Системадан арызды жөнөтүү баскычын басуу менен документ Билим берүү жана илим министрлигине келип түшөт”, - деди Бактыгүл Акулова.

Электрондук аккредитациялоо боюнча онлайн окутуунун катышуучуларына “ИВТ Лаб” ЖЧКнын кызматкери Айбек Шакитов автоматташтырылган система аркылуу аккредитациядан өтүүнүн жол-жобосу түшүндүрүп берди.
 

Билим берүү уюмдары аккредитациядан өтүү үчүн арызды www.asula.edu.gov.kg аркылуу электрондук түрдө жөнөтө алышат.

Белгилей кетсек, Аккредитациялоо сектору электрондук аккредитациялоо боюнча онлайн окутуу иштерин тынымсыз улантмакчы.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар