...
КМТУнун студенттери иштеп чыккан технологияны өндүрүшкө киргизүү укугун толугу менен өткөрүп берүү келишимине кол коюлду

2021-жылдын 21-декабрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери тарабынан иштелип чыккан "Мумалак" модификацияланган кычкыл-сүт суусундугун жана "Дархан" сүт сүрмөсүн өндүрүү технологиясын өндүрүшкө киргизүү укугун толугу менен өткөрүп берүү келишимине кол коюлду. Бул продукцияны өндүрүшкө киргизүү укугун органикалык сүт продукциясы менен алектенген "Алайку Органикс" компаниясы сатып алды.

Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы

22 Декабрь 2021 ж. 14:35 1209

...
Өндүрүштүк окутуу устаттарынын жана кесиптик окутуучулардын чоңдорду окутуу боюнча билимдерин жогорулатуу курсу өткөрүлдү

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбор баштапкы кесиптик билим берүү системасындагы өндүрүштүк окутуунун устаттарынын жана кесиптик окутуучулардын чоңдорду окутуу боюнча билимдерин жогорулатуу курсун өткөрдү.

Автор: Республиканский научно-методический центр

21 Декабрь 2021 ж. 21:30 913

...
Жарандык коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү билим берүү жана илим жаатындагы жаңы мыйзам долбоорлорун талкуулашты

2021-жылдын 20-декабрында Бишкекте билим берүү жана илим жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоону жүргүзүүнү талкуулаган тегерек стол болду. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.

Автор: Борбордук аппарат

21 Декабрь 2021 ж. 21:03 1645

...
Мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн Укуктук олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 21-декабрда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында Укуктук олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)

21 Декабрь 2021 ж. 17:13 1702

...
https://kaktus.media/ сайтына жарыяланган «Иштебеген электрондук күндөлүккө 10 млн сом которушканбы?» аталышындагы макалада айтылгандар боюнча түшүндүрмө

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги https://kaktus.media/ сайтында жарыяланган «На неработающий электронный дневник потратили 10 млн сомов?» (Иштебеген электрондук күндөлүккө 10 млн сом которушканбы?) аталышындагы макалада (https://kaktus.media/doc/451320) камтылган айрым маалыматтарды төгүндөйт жана «Акылдуу мектеп» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгып, ишке киргизүү багытында жасалган жана жасалып жаткан иш-аракеттердин хронологиясы менен тааныштырат.

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

17 Декабрь 2021 ж. 21:25 1715

...
Кыргызстандын мектептерине 2,6 млн сомдук окуу эмеректери жана техникалык жабдуулар берилди

2021-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь баасы 2,6 млн сомдук окуу эмеректерин жана техникалык жабдууларды Кыргызстандын жалпы билим берүүчү уюмдарына өткөрүп берүү аземине катышты.

Автор: Инфраструктура жана мамлекеттик сатып алуулар башкармалыгы

16 Декабрь 2021 ж. 21:19 1546

...
Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстан үчүн 8 млн АКШ доллары өлчөмүндө бюджеттик жардам бөлүүнү жактырды

Азия өнүктүрүү банкы кесиптик техникалык билим берүү системасындагы саясий чараларды аткаруунун натыйжалары боюнча Кыргызстан үчүн 8 млн АКШ доллары суммасында бюджеттик жардам бөлүүнү жактырды.

Автор: Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр

13 Декабрь 2021 ж. 20:27 1659

...
Билим берүү жана илим министри Ага Хан фондунун дипломатиялык өкүлүнүн ишин жогору баалады

2021-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Ага Хан фондунун Кыргызстандагы өнүктүрүү боюнча дипломатиялык өкүлү доктор Шамш Кассим-Лакханы кабыл алды.

Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)

11 Декабрь 2021 ж. 17:20 1796

...
Кыргызстандык окуучу IV Математика, физика жана химия боюнча эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасында коло медалды багындырды

Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрынан 9-декабрына чейин Азербайжандын Баку шаарында «Таланттарды даярдоо лабораториясы» аталышындагы IV Математика, физика жана химия боюнча эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасы болуп өттү.

Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)

9 Декабрь 2021 ж. 20:14 1459

...
Кыргызстандык мугалим машыктыруучулар арасындагы эл аралык олимпиадада I орунду ээледи

Ушул жылдын 4-5-декабрында Алматы шаарында математика, физика жана информатика мугалимдеринин VIII эл аралык конкурсу өттү.

Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)

9 Декабрь 2021 ж. 19:16 1820

...
Министр Б. Купешев АКШ элчилигинин жана ЮСАИДдин өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 8-декабрда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министр Болотбек Купешевдин АКШнын Кыргызстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер, ЮСАИДдин Кыргызстандагы миссиясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кит Симмонс жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланышуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Шэйна Крам менен жолугушуусу болду.

Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)

8 Декабрь 2021 ж. 21:45 1658

...
«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы белгиленет

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата билим берүү тармагында жарыялаган акцияны жыйынтыктоо максатында 2021-жылдын 10-декабрында саат 10.00дө Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында салтанаттуу иш-чара өткөрөт.

Автор: Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору

8 Декабрь 2021 ж. 17:21 1811

...
КБАнын кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды ачык дистанттык окутууга тартуу боюнча вебинарга катышты

2021-жылдын 1-декабрында ЮНЕСКО жана Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын илгерилетүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Көп тараптуу донордук шериктештик фонду (UNPRPD) Борбор Азиядагы мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды ачык дистанттык окутууга тартуу максатында экинчи вебинар уюштурушту.

Автор: Кыргыз билим берүү академиясы

3 Декабрь 2021 ж. 15:54 1549

...
Бишкекте мектептерде инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча тегерек стол өткөрүлдү

2021-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында мектептерде инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Аны Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштуруп, өткөрдү. Тегерек столдо Кыргызстандын мектептеринде инклюзивдик билим берүүнү колдоо жана өнүктүрүү боюнча 2020-жылга чейинки Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын таасири талданды.

Автор: Кыргыз билим берүү академиясы

3 Декабрь 2021 ж. 15:50 2571

...
Бишкекте “Жаңы муундун окуу китептери: концепция, тажрыйба, рефлексия” аттуу темада алгачкы республикалык илимий-педагогикалык конференция болот

2021-жылдын 7-8-декабрында Бишкек шаарында “Жаңы муундун окуу китептери: концепция, тажрыйба, рефлексия” аттуу темада алгачкы республикалык илимий-педагогикалык конференция болот. Конференциянын максаты – жаңы муундун окуу китептерин иштеп чыгуу боюнча адистердин тажрыйба алмашуусу аркылуу Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүү.

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

3 Декабрь 2021 ж. 12:22 1936

Мааракелер календары

календардын баары

2025-жылдын 15-апрелинде Республикалык штабдын жыйынында тогуз кыргыз-орус мектептин курулушунун жүрүшү каралды

15 Апрель 2025 ж. 10:30

Республикалык штабдын жыйынында тогуз кыргыз-орус мектептин курулушунун жүрүшү каралды

2025-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны өттү

9 Апрель 2025 ж. 10:30

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны

АРТЫКЧЫЛЫКТУУ АДИСТИКТЕР ЖАНА КЕСИПТЕР ФЕСТИВАЛЫ

26 Апрель 2024 ж. 10:00

2024-жылдын 26-апрелинде борбордогу Эмен паркында 9 колледж жана 22 кесиптик лицейдин катышуусунда артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өтөт.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар