Билим берүү жана илим министри Ага Хан фондунун дипломатиялык өкүлүнүн ишин жогору баалады

Автор: Эл аралык кызматташтык бөлүмү

11 Декабрь 2021 ж. 17:20

Көрүлдү: 1294

2021-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Ага Хан фондунун Кыргызстандагы өнүктүрүү боюнча дипломатиялык өкүлү доктор Шамш Кассим-Лакханы кабыл алды.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Фонд тарабынан аткарылган иштердин жыйынтыктарын талкуулашты. Доктор Шамш Кассим-Лахка Нарын шаарында Борбор Азия университетин түзүүдө колдоо көрсөтүп, бирге иштешкени үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге ал министрди БАУнун кампусуна келип кетүүгө чакырды, өз кезегинде Б. Купешев жакын арада университетке барууга даяр экенин билдирди.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Шамш Кассим-Лахка Ага Хан фондунун Кыргызстандагы өнүктүрүү боюнча дипломатиялык өкүлү катары өзүнүн дипломатиялык миссиясы аяктап жатканын, бирок БАУнун башкармалыгынын аткаруу комитетинин төрагасынын милдетин аткарууну уланта берерин белгиледи.   

Соңунда министр ага Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон бараандуу салымы үчүн ыраазычылык билдирип, чың ден соолук жана кесиптик ишмердүүлүгүндөгү мындан аркы ийгиликтерди каалады.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар