Кыргызстандык окуучу IV Математика, физика жана химия боюнча эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасында коло медалды багындырды

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

9 Декабрь 2021 ж. 20:14

Көрүлдү: 948

Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрынан 9-декабрына чейин Азербайжандын Баку шаарында «Таланттарды даярдоо лабораториясы» аталышындагы IV Математика, физика жана химия боюнча эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасы болуп өттү.

post.title

Олимпиаданын жыйынтыгында Бишкектеги № 61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин окуучусу Фёдор Корнияш математика боюнча 40 баллдын ичинен 38 балл топтоп, коло медалды жеңип алды. Олимпиадага аны математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.

Команданын курамында төмөнкү окуучулар болгон:

1. Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылындагы Т. Жумабаев атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу Аймончок Абдигапарова;

2. Бишкек шаарынын № 61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин 7-классынын окуучусу Фёдор Корнияш;

3. Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 9-классынын окуучусу Бектур Баратали.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар