...
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 1200 мектепке 24 миңден ашуун компьютер берилет

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы 1200 мектеп (жалпы мектептердин 56 пайызы) жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик жабдыктарды жана техникалык каражаттарды берет.

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

17 Февраль 2022 ж. 12:06 6537

...
Кыргызстанда жалпы республикалык тестке онлайн-каттоо башталды

Бүгүн, 16-февралда, "Кабар" маалымат агенттигинин пресс-борборунда "Жалпы республикалык тестке каттоо-2022" темасында пресс-конференция болуп өттү.

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

16 Февраль 2022 ж. 15:30 1988

...
«Инновациялык Агро Борбор» ачылды

15-февралда Көк-Жар айылындагы Кыргыз Мамлекеттик юридикалык университетинин имаратанды «Инновациялык Агро Борбор» ачылды.

Автор: «Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын колдоо» долбоору

16 Февраль 2022 ж. 0:11 777

...
Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин кошумча окуу корпусу колдонууга берилди

Бүгүн, 15-февралда, Бишкек шаарындагы профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейине 375 окуучулук орунга эсептелген кошумча окуу корпусунун ачылышы болду. Иш-чарага Президенттин администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Финансы министрлигинин, Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, ошондой эле Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси катышты.

Автор: Инвестициялар, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура башкармалыгы

15 Февраль 2022 ж. 17:51 1874

...
«Адам жана коом» предметинин стандартын иштеп чыгуу боюнча семинар болуп өттү

Жаштарды өнүктүрүү институту Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте “Жарандык компетенцияларды өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууда, анын алкагында “Адам жана коом” предметинин предметтик стандартын кайра карап чыгуу боюнча иш алып барууда.

Автор: Кыргыз билим берүү академиясы

15 Февраль 2022 ж. 14:42 764

...
Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Автор: Борбордук аппарат

15 Февраль 2022 ж. 13:52 1396

...
Мектептердин социалдык педагогдору үчүн онлайн-семинар өткөрүлүүдө

Зордук-зомбулук көйгөйлөрү бүгүнкү күндө балдарга карата гана эмес, жалпы эле коомго терс таасирин тийгизе баштады. Зордук-зомбулук балдардын өмүрүнө жана физикалык ден соолугуна гана залал келтирбестен, балдардын эмоционалдык жыргалчылыгына жана келечегине да чоң коркунуч туудурууда. Бул көйгөйдү алдын алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлдөрү республиканын мектептеринин социалдык педагогдору, мектеп директорлору жана алардын орун басарлары үчүн онлайн семинар өткөрүп жатышат.

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

11 Февраль 2022 ж. 23:15 1431

...
2022-жылы 100 кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу пландалууда

2022-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Байкоочу комитеттин жумушчу жыйынын өткөрдү.

Автор: Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы

11 Февраль 2022 ж. 21:47 1834

...
«Ак-Тилек» окуу-тарбия комплексинин окуучуларынын билим деңгээли тестирлөө аркылуу бааланды

2022-жылдын 10-февралында Билим берүүнүн сапатын жана маалыматтык технологияларды баалоо боюнча улуттук борбору «Ак-Тилек» окуу комплексинде окуучулардын билим деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө өткөрдү.

Автор: Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти

11 Февраль 2022 ж. 12:33 306

...
Ноокен районунун бала бакчаларында 260 орун кошулду

2021-жылдын декабрында Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу Таштак айылында 75 орундуу № 49 «Таштак» бала бакчасы, Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу Алма айылында 100 орундуу № 48 «Салия» бала бакчасы ишке киргизилди, Бүргөндү айыл округуна караштуу Жаңы-Арык айылында № 28 «Алтын-Уя» бала бакчасына кошумча 85 орундуу 3 тайпа  кошулду.

Автор: Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы

10 Февраль 2022 ж. 9:46 676

...
Өлкөнүн мыкты мектептеринин алгылыктуу тажрыйбасы жана көндүмдөрү жайылтылат

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын мыкты мектептеринин алдыңкы тажрыйбасынын үлгүлөрүн, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн өлкөнүн башка мектептерине жеткирүү жана жайылтуу максатында «Кыргыз Республикасынын мыкты мектептерин тандоо жөнүндө» жобону иштеп чыкты. Министрликтин 2022-жылдын 4-февралындагы № 107/1 буйругу менен бекитилген Жобого ылайык мыкты мектептерди тандоо боюнча жумушчу топ түзүлүп, өз ишин баштады.

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

9 Февраль 2022 ж. 19:01 1144

...
ББСБМТУБнун бухгалтерия кызматкерлери «Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу» негизги курсун бүтүрүштү

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борборунун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин окуу борбору менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде улуттук борбордун бухгалтериясынын кызматкерлери Динара Эзенаманова, Айгуль Карбозова жана Назгуль Исмаилова «Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу» базалык курсун бүтүрүштү.

Автор: Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти

9 Февраль 2022 ж. 16:25 310

...
Кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн 19% «Коомдук тамактануу» багыты боюнча билим алышты

2021-жылы кесиптик лицейлер 19620 бүтүрүүчүнү даярдашты.

Автор: Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр

8 Февраль 2022 ж. 18:42 701

...
Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү жаңы мектептерди кабыл алуу боюнча жумушчу топтун курамына киргизилет

7-февралда Бишкекте ысык тамак уюштуруу үчүн шарттары жок авариялык абалдагы мектептердин ашканаларын изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды. Иш-чарага БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү катышышты.

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

7 Февраль 2022 ж. 21:00 1597

...
КР БИМде Кыргызстан менен Венгриянын илим жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

2022-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева Венгриянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Шандор Дороги менен жолугушту.

Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы

7 Февраль 2022 ж. 20:18 1649

Мааракелер календары

календардын баары

АРТЫКЧЫЛЫКТУУ АДИСТИКТЕР ЖАНА КЕСИПТЕР ФЕСТИВАЛЫ

26 Апрель 2024 ж. 10:00

2024-жылдын 26-апрелинде борбордогу Эмен паркында 9 колледж жана 22 кесиптик лицейдин катышуусунда артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өтөт.

Пресс-конференция "Электронная запись в первый класс государственных и муниципальных школ на 2024-2025 учебный год"

4 Апрель 2024 ж. 10:00

4 апреля 2024 года в информационном агентстве «Кабар» будет проведена пресс-конференция об электронной записи в первый класс государственных и муниципальных школ на 2024-2025 учебный год.

ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМУНУН ЖЕТЕКЧИСИ КОНКУРСТУК ТАНДОО

2 Март 2024 ж. 10:00

2-мартта «Кабар» маалымат агентигинде 2024-ж. 22-февралындагы №79 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтомунун аткарылышы боюнча маалымат жыйыны берилет.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар