КЫРГЫЗСТАН, КАЗАКСТАН, МОНГОЛИЯ ЖАНА ТАЖИКСТАНДЫН МУГАЛИМДЕРИ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮНҮ ТАЛКУУЛАШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

13 Сентябрь 2023 ж. 15:15

Көрүлдү: 549

Билим берүү жана илим министрлигинин Санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы Нурлан Шаршенбай уулу 2023-жылдын 8-10-сентябрында өткөн “Санариптештирүү доорундагы билим берүү стратегиялары жана инновациялар” аттуу II Эл аралык конференциясынын катышуучулары алдында сөз сүйлөдү.

post.title

Конференциянын максаты – мектептик билим берүүнү санариптештирүү боюнча диалогду кеңейтүү, билим жана тажрыйба алмашуу.

Конференцияга Монголиянын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүү башкы башкармалыгынын мамлекеттик агенттигинин директору Ньям-Очир Томор-Очир, Казакстандан «Билим-медиа тобунун» академиялык директору Алима Ибрашева, ошондой эле Кыргызстан, Казакстан, Монголия жана Тажикстандын билим берүү тармагындагы эксперттер жана изилдөөчүлөр катышты.

Катышуучулар билим берүүдөгү санариптик трансформацияны илгерилетүү боюнча сунуштарды талкуулашты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар