21-августта Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 2023-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын окутуу кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында ижарага бериле турган окуу китептеринин тизмектерин жана окуу китебинин ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө буйрукка кол койду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Август 2023 ж. 17:13 1469
Билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев 16-19-август күндөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районуна барып келди.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Август 2023 ж. 17:05 1264
2023-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мугалимдердин жана мугалимдердин айрым категорияларынын эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому менен Билим берүү системасынын кызматкерлеринин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык жалпы билим берүү уюмдарынын, атайын мектептердин жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын директорлорунун жана директорлорунун орун басарларынын кызматтык маяналары 50%га жогорулатылды.
Автор: Бюджеттик саясат, финансылык талдоо жана инфраструктура башкармалыгы (БСФТИБ)
21 Август 2023 ж. 15:40 3807
15-августта Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков Уфа мамлекеттик мунай техникалык университетинин (УММТУ) ректору Олег Баулин жетектеген делегация менен жолугушту.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
21 Август 2023 ж. 15:35 1212
16-августтан 19-августка чейин Кыргызстандагы 23 кесиптик лицей жана колледждеринин жетекчилери дуалдык билим берүүнүн тажрыйбасын иликтөө максатында Татарстандын Алабуга атайын экономикалык аймагынын жана «Алабуга Политех» колледжинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
18 Август 2023 ж. 18:10 1125
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев министрликке караштуу "Эмгек резерви" республикалык дене-тарбия жана спорт борборунун абалы менен таанышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
18 Август 2023 ж. 16:38 957
Мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык система аркылуу 2023-жылдын 16-августуна карата мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 123 миң 178 бала кабыл алынды. Анын ичинен 2 миң 788 бала жеңилдик менен алынды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
17 Август 2023 ж. 16:46 1763
2023-жылдын 16-августунда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” №4882/1 Буйрукка кол койду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
16 Август 2023 ж. 18:15 7533
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
16 Август 2023 ж. 17:31 4369
Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун инклюзивдик билим берүү үчүн шарттар каралган башталгыч класстардын жана коррекциялык класстардын жана атайы жалпы билим берүү уюмдарынын 200 жакын жетекчилери, социалдык педагогдору, психологдору жана мугалимдери ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу жана тарбия берүү боюнча семинар-тренингге катышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
16 Август 2023 ж. 11:49 983
2023-жылдын 15-августунда “Илим жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 8-августундагы №170 Мыйзамы күчүнө кирди.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Август 2023 ж. 18:44 2268
14-августа билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “2023-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын окутуу кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга сунушталган окуу китептеринин тизмектерин бекитүү жөнүндө” Буйрукка кол койду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Август 2023 ж. 17:18 7544
2023-жылдын 12-августунда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев министрликтин “Англия экзаминейшнс” билим берүү мекемеси менен биргеликте өткөзүп жаткан англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курсунун жүрүшү менен таанышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Август 2023 ж. 18:27 1595
Бүгүн, 14-августта Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн жаңы 2023/2024-окуу жылына карата усулдук жардам берүү максатында вебинарлар башталды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Август 2023 ж. 15:26 2402
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадада коло медаль алган Нурсултан Кеңешбеков жана мектеп командалары арасындагы шахмат боюнча дүйнө чемпионатында (World Schools Team Championship) жеке эсепте алтын медаль алган Азиз Дегенбаев менен жолугушту.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Август 2023 ж. 14:41 935