Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
«Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлору Ош жана Жалал-Абад облусундагы катышуучуларга тааныштырылды

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорун ишке ашырып жатат.

post.title

 

«Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлору Ош жана Жалал-Абад облусундагы катышуучуларга таанышытырылды

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорун ишке ашырып жатат.

Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн жарандар менен иштөө, коомчулук менен байланыш адиси Акылбек Орозматов жана социалдык маселелер боюнча адиси Талант Эркинбеков 19-сентябрдан 29-сентябрга чейин Ош, Жалал-Абад облусундагы ар бир район жана шаарда долбоорго катыштыгы бар тараптар, бенефициарлар менен жолугушууларды өткөрүп, анын максат-милдеттери, багыттары боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин өткөрдү.

Жолугушууларда эки долбоор тууралуу маңыздуу маалымат берилип, Кыргызстан боюнча түзүлүүчү кыска мөөнөттүү 500 бала бакча, 1200 мектеп жана 8 педколледже бериле турган 25 миңге жакын компьютер, оргтехника, жана эмерек, педагогдордун кесиптик квалификациясын, санариптик сабаттуулугун жогорулатуу боюнча 58 миң мугалимди окутуу, 5-11 класстар үчүн STEM предметтери боюнча электрондук кошумча окуу куралдарынын платформасын түзүү жана PISA-2025ке катышууга даярдык көрүү жумуштары аткарыла турганын айтылды.

Тиешелүү багыттар боюнча келишимдин негизинде бекитилген тараптардын милдеттери, жасалууга тийиш болгон жумуштар эскертилип, аларды алдын-алуу чаралары тууралуу сунуштар берилди.

Жыйындарга ар бир облустук, райондук, шаардык бийликтин өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, айыл өкмөт жетекчилери, долбоорго кошулган мектептердин мүдүрлөрү жана бала бакча тарбиячылары катышты.

Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмү

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар