Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
1200 мектепте түзүлүүчү “Электрондук китепкана” жана эмеректер менен компьютердик техниканы кабыл алуу боюнча онлайн жыйын өттү

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана көзөмөлдөө долбоорунун кызматкерлери, министрликтин тиешелүү бөлүм башчылары жана адистери менен биргеликте “Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоору боюнча райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктарынын башчылары менен онлайн жыйын өткөрдү.

post.title

 

Жолугушууда долбоордун кызматкерлери 1200 мектепте түзүлүүчү Электрондук китепканын концепциясы тууралуу маалымат берип, үч тараптуу келишимдердин негизинде райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктарынын, мектеп директорлорунун жана жергиликтүү бийликтин аткарууга тийиш болгон милдеттерин белгилеп өттү.

Ошондой эле мектептерде “Электрондук китепкана” кааналарын даярдоо, эмерек жана компьютердик техниканы кабыл алуу боюнча министрликтин буйругунун аткарылышын көзөмөлгө алуу сунушталды.

Мындан сырткары, бардык кызыкдар тараптар менен иштөө планына ылайык, Дүйнөлүк банктын социалдык-экологиялык стандарттары, арыздарды кароо механизмдери тууралуу маалымат берилди.

Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмү

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар