Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Министрдин орун басары мектеп жана педколледждерге жеткирилип жаткан компьютердик эмеректер менен таанышты

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Улан Мамбетакунов “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Чүй облусундагы жана Токмок шаарындагы мектептерге электрондук китепканалар үчүн жеткирилип жаткан компьютердик эмеректерди текшерип, санариптик китепкана кааналары менен таанышты.

post.title

 

Министрдин орун басары Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мындай чоң көлөмдөгү компьютердик жабдыктар берилип жатканын айтып, мектептердин технологиялык муктаждыгын толуктоо аркылуу окуучулардын заманбап, сапаттуу билим алышына шарт түзүлө турганына токтолду. Мамбетовкунов ар бир электрондук китепкананын жооптуу адиси болушу керектигин айтып, эмеректер менен техникага аяр мамиле кылууну тапшырды.

1200 мектепке жеткирилип жаткан 20дан компьютердин 15и  электрондук китепканага, калган беши табигый так илимдер кааналарына бөлүштүрүлөт. Долбоордун алкагында математика, физика, химия, биология, география предметтерине басым жасоо менен (физика, химия, биология) 5-11-класстар үчүн электрондук форматтагы окуу материалдарын камтыган платформа даярдалат. Санариптик контент Кыргызстандын бардык мектептерине жеткиликтүү болот.

Эмеректер Ысык-Көл, Нарын областарына берилип бүттү. Учурда Чүй, Талас, Баткен областырына жеткирилип жатат. Андан кийинки кезекте Ош, Жалал-Абад областары турат.

Белгилей кетсек, “Келечек үчүн билим берүү” долбоору аркылуу Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 1200 мектепке (жалпы мектептердин 56%ы) жана 8 педагогикалык колледжге 24 168 даана компьютер, 7 208 даана проектор, 2 408 даана хаб, 1 208 даана көп функционалдуу жабдык (принтер+көчүрүү+сканер) жана UPS берилет.

Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар