Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Кыргызстандагы 1200 мектепке компьютердик эмеректер жеткириле баштады

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында 1200 мектепке жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик эмеректерди жеткирип жатат.

post.title

 

1200 мектептин ар бирине - 15 стол, 15 стул, процессор үчүн 15 тумба берилет. Ал эми 8 педагогикалык колледжге – 21 стол, 21 стул жана процессор үчүн 21 тумба тапшырылууда.

 

5-августка чейин Ысык-Көл областы боюнча 109 мектепке эмеректер жеткирилип бүттү. Учурда Чүй, Баткен, Нарын областарына жана Бишкек шаарындагы мектептерге берилип жатат. Андан кийинки кезекте Ош, Жалал-Абад жана Талас областары турат. Бардык мектептерге жеткирип берүү жумуштары октябрь айында бүткөрүлөт.

 

Белгилей кетсек, “Келечек үчүн билим берүү” долбоору аркылуу Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 1200 мектепке (жалпы мектептердин 56%ы) жана 8 педагогикалык колледжге 24 168 даана компьютер, 7 208 даана проектор, 2 408 даана хаб, 1 208 даана көп функционалдуу жабдык (принтер+көчүрүү+сканер) жана UPS берилет.

Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмү

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар