Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ “ОКУТУУНУН НЕГИЗДЕРИН БЕКЕМДӨӨ” ДОЛБООРУНУН АКТИВДҮҮ ФАЗАСЫН БАШТАДЫ

Көрүлдү: 630

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорун баштады. Долбоор толугу менен Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылат. Ал мектепке чейинки билим берүү программасы менен камсыздоо төмөн болгон айыл жерлериндеги балдар үчүн мектепке даярдоону кеңейтүүгө багытталган.

post.title

Долбоор мектепке чейинки 60 өнүктүрүү борборун (3 сааттык кыска мөөнөттүү бала бакчалар) түзүүнү колдойт. Бул борборлор 3-5 жаш курактагы 3000ден ашуун баланы камтый алат.

Мектепке чейинки өнүктүрүү борборлору төмөндөгүлөр менен камсыздалат:

  • эмерек;

  • оюн жана өнүгүү үчүн материалдар;

  • заманбап балдар аянтчалары;

  • айыл өкмөттүн балансындагы мектепке чейинки өнүктүрүү борбору үчүн сунушталган имаратта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ылайыкташкан шарттарды түзүү менен, оңдоп-түзөө иштери (муктаждыкка жараша) жүргүзүлөт;

  • 3-5 жаш курактагы балдарга ыңгайлашкан санитардык-гигиеналык шарттар түзүлөт.

Учурда министрлик өнүктүрүү борборлорун түзүү боюнча жергиликтүү бийлик органдарынан өтүнмөлөрдү кабыл алып жатат. Бала бакчанын мындай форматы экономикалык жактан пайдалуу жана салттуу бала бакчага караганда чыгымы аз. Себеби, кыска мөөнөттүү бакчалар - бала бакчалар жетишсиз аймактарда, өзгөчө айылдарда уюштурулмакчы. Бул үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражат бөлүүгө, жаңы бала бакча имаратын курууга зарылчылык жок. Кыска мөөнөттүү бала бакчалардын учурунда жергиликтүү бийлик өз балансындагы же ошол аймактагы пайдаланылбай турган мамлекеттик имаратты (авариялык абалдагы эмес) долбоорго сунуштайт.

Расмий эсептөөлөргө таянсак, мындай бала бакчалар үнөмдүү болот. Мисалы, мамлекет учурда бакчага барган бир жеткинчек үчүн (3-5 жаш) жылына 42 миң сом коротсо, кыска мөөнөттүү бакчада бул сумма болгону 11 миң сомду түзөт.

Мектепке чейинки өнүктүрүү борборлорунда балдарды окутуу - өнүктүрүүнүн, окутуунун жана тарбиялоонун негизги жана кошумча программалары боюнча жүрөт. Ал процессте бакча курагындагы баланын гармониялуу өнүгүшүнө көмөктөшүүчү билим, көндүм жана жөндөмдөр калыптанат. Мындан сырткары, долбоордо ата-энелердин балдарга китеп окуп берүү практикасын ишке ашыруу каралган. Борборлор жаш куракка ылайыкташкан китептер менен камсыздалат жана ата-энелер менен тарбиячыларга методикалык колдонмолор берилет.

Педагогикалык практиканын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында балдар менен иштөөнүн заманбап практикасы боюнча тренингдер өткөрүлөт.

Долбоордун алкагында ченемдик каржылоону киргизүү аркылуу мектепке чейинки билим берүүнүн тең жеткиликтүүлүгүн камсыздоого жана мамлекеттик жеке-өнөктөштүк механизмдерин кеңейтүү жана ишке ашыруу үчүн техникалык колдоо каржыланат.

Мындан сырткары, мектепке чейинки курактагы балдардын билимин, өнүгүүсүн баалоо жана мониторингди жакшыртуу максатында балдардын эрте өнүгүшүн өлчөөнүн улуттук куралын колдонуу жайылтылат. Бул балдардын өнүгүүсүндөгү тенденциялар жөнүндө жана мектепке чейинки билим берүүдөгү реформалардын эффективдүүлүгү тууралуу так маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, Кыргызстанда биринчи жолу «Мектепке чейинки курактагы балдардын өнүгүүсүн баалоо боюнча улуттук тандалма изилдөөсү» өткөрүлөт жана мындан ары ал үзгүлтүксүз уюштурулуп турат.

Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмү. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар