Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Мугалимдерди “Инновациялык педагогикалык технологиялар” жана “STEM-билим берүүнүн негиздери” боюнча окутуу модулдары талкууланды

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында башталгыч класстын 7000 мугалимин, “Инновациялык педагогикалык технологиялар” жана табигий так илимдер, математика предметтеринин 8000 мугалимин “STEM-билим берүүнүн негиздери” боюнча окутуудан өткөрөт.

post.title

 

Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунда өткөн жыйында “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун эл аралык жана улуттук консультанттары тарабынан иштелип чыккан тренингдик модулдардын презентациясы жасалып, талкууланды.

Жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын адистери, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Кыргыз билим берүү академиясынын, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун кызматкерлери, ЖОЖдордун окутуучулары, мектеп директорлор, эксперттер, практик-мугалимдер жана “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун кызматкерлери, консультанттары катышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Гүлшан Абдылдаева министрлик предметтик жана мета-предметтик билимди актуалдаштыруу жолу менен мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу программаларын өркүндөтүү, анын ичинде билим берүү процессин STEM ыкмасынын негизинде долбоорлоо Кыргызстандын билим берүү системасын  өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керектигин белгиледи. Бул, албетте, дүйнөдө маалымат агымынын өсүп жаткандыгы жана адам ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөсүнө жогорку технологиялык инновациялардын киргизилиши менен байланыштуу.

Долбоордун эл аралык консультанты, педагогика илимдеринин доктору, профессор Марина Шалашова, модулдарды иштеп чыгууда билим берүү боюнча дүйнөлүк талаптар эске алынганын белгиледи.

Предметтер аралык интеграцияны эске алуу менен STEM (табигый предметтер, технология, инженерия жана математика), дисциплиналар аралык ыкма жана мугалим өзүнүн изилдөө ишмердүүлүгү аркылуу сабактын мазмунун өздөштүрүүчү жаңы технологияны киргизишибиз керек. Программада ушул жагдайлар эске алынып, билим берүү сапатынын жаңы талаптары, республиканын жаңы билим берүү стандарттары менен тааныштыруу тапшырмасы коюлган. Биздин программанын негизги максаттарынан дагы бири – ар бир мугалимге STEM ыкма түшүнүгүн жеткирүү, себеби азыркы учурда STEM менен ар бир бала жашайт жана технология аны бардык жерде курчап турат. Ошондуктан бул жаңы интрументтерди мугалимдерге өткөрүп берүүнү милдет кылып жатабыз”, - деди Марина Шалашова.

Окутуу онлайн жана оффлайн режиминде окууга ылайыктуу даярдалган. Онлайн формат ар түрдүү тапшырмалар системасы, көнүгүүлөр, видео ж.б. формаларды камтыйт.

Иш чарада STEM, гендер боюнча иштелип чыккан сунуштарды окуу программа менен айкалыштыруу маселелери талкууланып, катышуучулар тарабынан сунуш-пикирлер айтылды.

Белгилей кетсек, “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында 58 миң мугалим ар түрдүү багыт боюнча тренингдерден өтөт. Тегерек столдо талкууланган модулдардын жардамында 7 миң башталгыч класстар мугалими заманбап инновациялык педагогикалык технология боюнча, 8 миң табигый илимдер жана математика мугалими STEM билим берүүнүн негиздери боюнча окутуудан өтөт.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар