Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Бала бакча тарбиячыларынын ийкемдүү компетенциялары иштелип чыгат

Көрүлдү: 918

Билим берүү жана илим министрлигинде Квалификациялардын улуттук алкагынын негизинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдорун даярдоодогу компетенциялар системасын өнүктүрүү боюнча жолугушуу болуп өттү.

post.title

Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын, Жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын адистери, Кыргызстандагы педагогикалык багыттагы университет, колледждердин, Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлдөрү жана Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорунун адистери катышышты.

Жолугушууда мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында педагогдордун компетенцияларын жакшыртууга байланыштуу маселелер көтөрүлүп, талкууланды. “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоору тууралуу маалымат берилип, Квалификациялардын улуттук алкагынын негизинде мектепке чейинки билим берүү боюнча педагогдордун компетенцияларынын алкагын иштеп чыгууга техникалык колдоо көрсөтүлөрү айтылды.

Иш-чарада Квалификациялардын улуттук алкагы жана анын негизинде бакалавр жана магистр даражасы боюнча мектепке чейинки билим берүү адистерин даярдоодогу компетенциялардын алкагы тууралуу презентация жасалды.

“Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорунун координатору Александра Исаева өзгөчө бала бакча тарбиячылары үчүн маанилүү болгон, мисалы, бала менен өз ара байланыш түзүү, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен мамиле кылуу ж.б.у.с. ийкемдүү компетенциялар даярдалышы керектигин белгиледи.

Билим берүү жана илим министрлиги ишке ашырып жаткан “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоору жогорудагы белгиленген компетенцияларды иштеп чыгууга техникалык колдоо көрсөтөт. Ошондой эле министрликтин, практик адистердин, окуу жайлардын жана эксперттердин жардамында бардык заманбап тенденцияларды эске алуу менен мектепке чейинки билим берүү боюнча педагогдорду даярдоого жана алардын квалификациясын жогорулатууга багытталган окутуулардын модулдарын иштеп чыгат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар