Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Кыска мөөнөттүү бала бакчалар: күтүлгөн натыйжалар

Көрүлдү: 919

Мектепке чейинки балалык курак – адамдын жашоосунун кичинекей бөлүгү. Бирок бул аралыкта бала өзүнүн бүткүл кийинки жашоосуна караганда алда канча көп нерсеге ээ болот, ошондуктан биз балдарыбыздын жаштайынан татыктуу билим жана тарбия алышына шарт түзүп беришибиз керек.

post.title

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар: күтүлгөн натыйжалар

Акыркы он жылда мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүү багыты мектепке чейинки курактагы балдарды бала бакчага тартууга багытталды. Мисалы, мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнүн алкагында тиешелүү программалар үчүн бөлүнгөн каражат дээрлик 20 эсе жогорулады: 2013-жылы 12,3 млн сом болсо, 2018-жылы 255 млн сом болду. Ошондой эле балдарга мектепке чейинки билим берүүнүн альтернативалык программалары ишке ашырылып, жыйынтыгында балдардын 48 пайызы аталган программаларга тартылды. Тактап айтканда, 2012-жылы 132 миң бала камтылса, 2021-жылы бул көрсөткүч 198 миң баладан ашты.

Мектепке чейинки билим берүү программалары менен камтуу жогорулаганы менен, инсандын пайдубалы калыптана баштаган турмуштун эң маанилүү этабында эрте өнүктүрүүнүн толук кандуу системасы балдардын көпчүлүгүнө жеткиликтүү эмес.

Акыркы маалыматтарга таяна турган болсок, 2020-2021-жылга карата Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү курагындагы балдардын саны 1 млн 118 миңге жакын. Бирок учурда алардын 25 пайызы гана бала бакчаларга барып жатышат. Эгер шаар жерлеринде көрсөткүч салыштырмалуу жогору болсо (2019-жылга карата – 34,5 %), айыл жерлеринде балдардын болгону 20,6 % бала бакчага тартылган. 

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар – кырдаалдан чыгуунун оптималдуу варианттарынын бири

Билим берүү жана илим министрлиги балдарды бала бакчага тартууну кеңейтүү үчүн максаттуу жумуштарды улантууда. Өткөн жылдын аягында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун баштады. Долбоордун багыттарынын бири дал ушул мектепке чейинки билим берүүгө арналган. Тактап айтканда, долбоордун алкагында өлкө боюнча 500 кыска мөөнөттүү бала бакча уюштурулат жана алар аркылуу болжол менен 40 миңге жакын бала бакчага тартылат. 

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар экономикалык жактан пайдалуу

Биринчиден, кыска мөөнөттүү бала бакчалар бала бакчалар жетишсиз аймактарда, айрыкча айыл жергесинде уюштурулат. Бул үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражат бөлүүгө, жаңы бала бакча имаратын курууга зарылчылык жок. 

Маалымат үчүн айта кетсек, орто эсеп менен Кыргызстанда 60-100 орундуу бала бакчанын курулушуна 25 млн сомдон ашуун каражат кетет. 

Кыска мөөнөттүү бала бакчалардын учурунда болсо жергиликтүү бийлик өз балансындагы же ошол аймактагы пайдаланылбай турган мамлекеттик имаратты (авариялык абалдагы эмес) долбоорго сунуштайт. Окуучулар аз болгон мектептер имараттын бир нече бөлмөсүн берсе да болот. 

Долбоор имаратты ремонттон өткөрүп, балдар үчүн санитардык-гигиеналык шарттарды түзөт, заманбап балдар аянтчасын куруп берет жана бала бакча үчүн керектүү болгон бардык каражаттар менен камсыздайт (шкаф, стол, стул, килем, оюнчуктар, окутуу-өнүктүрүү куралдары жана тарбиячы үчүн колдонмолор).

Мындай тажрыйба 2016-2018-жылдары министрлик тарабынан ишке ашырылып, өлкө боюнча 120 кыска мөөнөттүү бала бакча түзүлгөн. Алар азыр деле ийгиликтүү иштеп жатышат.

Экинчиден, салттуу жана кыска мөөнөттүү бала бакчада балдарды өнүктүрүү программасы окшош жана бирдей убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Бакчанын эки тибинде тең балдар оюн аркылуу өнүгүшөт, ошондой эле тарбия жана билим алышат.

Үчүнчүдөн, кыска мөөнөттүү бала бакча эки эсе көп баланы камтыйт. Салттуу бала бакчада бир тайпада 25 бала тарбияланса, кыска мөөнөттүү бала бакча 3 сааттык болгонуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп балага тарбия бере алат. 

Төртүнчүдөн, кыска мөөнөттүү бала бакчада уктоочу керебет, шейшеп, тамак-ашка ж.б.у.с. кошумча чыгым кетпейт. Расмий эсептөөлөргө таянсак, мамлекет учурда бакчага барган бир жеткинчек үчүн (3-5 жаш) жылына 42 миң сом коротсо, кыска мөөнөттүү бакчада бул сумма болгону 11 миң сомду түзөт. Жалпылап айтканда, бюджеттик каражат тартыш болуп турган мезгилде мектепке чейинки билим берүүнүн бул форматы экономикалык жактан пайдалуу жана аз каражат керектейт. 

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү боюнча стратегиялык документтерде белгиленген максаттарга мүмкүн болушунча тез жана кыска аралыкта жетүүнүн оптималдуу варианттарынын бири болуп саналат. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар