Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Кыска мөөнөттүү бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү болот

Көрүлдү: 0

Акыркы он жылда мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүү багыты мектепке чейинки курактагы балдарды бала бакчага тартууга багытталды. Мисалы, мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнүн алкагында тиешелүү программалар үчүн бөлүнгөн каражат дээрлик 20 эсе жогорулаган – 2013-жылы 12,3 млн сом болсо, 2018-жылы 255 млн сом. Ошондой эле, балдарга мектепке чейинки билим берүүнүн альтернативдүү программалары ишке ашырылып, жыйынтыгында балдардын 48%ы аталган программаларга тартылды. 2012-жылы 132 миң бала камтылса, 2021-жылга келип бул көрсөткүч 198 миң баладан ашты.

post.title

 

 

Мектепке чейинки билим берүү программалары менен камтуу жогорулаганы менен, инсандын пайдубалы калыптана баштаган турмуштун эң маанилүү этабында эрте өнүктүрүүнүн толук кандуу системасы балдардын көпчүлүгүнө жеткиликтүү эмес.

Акыркы маалыматтарга таяна турган болсок, 2020-2021-жылга карата Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү курагындагы балдардын саны 1 млн 118 миңге жакын. Бирок учурда алардын 25%ы гана бала бакчаларга барып жатышат. Эгер шаар жерлеринде көрсөткүч салыштармалуу жогору болсо (2019-жылга карата - 34,5%), айыл жерлеринде болгону 20,6% балдар бакчага тартылган. 

 

Кырдаалдан чыгуунун оптималдуу варианттарынын бири

Билим берүү жана илим министрлиги балдарды бакчага тартууну кеңейтүү үчүн максаттуу жумуштарды улантууда. Өткөн жылдын аягынан тарта Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун баштады. Долбоордун багыттарынын бири дал ушул мектепке чейинки билим берүүгө багытталган. Тактап айтканда, долбоор алкагында өлкө боюнча 500 кыска мөөнөттүү бала бакчалар уюштурулат жана алар аркылуу болжол менен 40 миңге жакын бала бакчага тартылат. 

 

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар экономикалык жактан пайдалуу

Биринчиден, кыска мөөнөттүү бакчалар - бала бакчалар жетишсиз аймактарда, өзгөчө айылдарда уюштурулмакчы. Бул үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражат бөлүүгө, жаңы бала бакча имаратын курууга зарылчылык жок. 

Маалымат үчүн: орто эсеп менен Кыргызстанда 60-100 орундуу бала бакчанын курулушуна 25 млн сом кетет. 

Кыска мөөнөттүү бала бакчалардын учурунда болсо, жергиликтүү бийлик өз балансындагы же ошол аймактагы пайдаланылбай турган мамлекеттик имаратты (авариялык абалдагы эмес) долбоорго сунуштайт. Окуучулар аз болгон мектептер имараттын бир нече бөлмөсүн берсе да болот. 

Долбоор имаратты ремонттон өткөрүп, балдар үчүн санитардык-гигиеналык шарттарды түзөт, заманбап балдар аянтчасын куруп берет жана бала бакча үчүн керектүү болгон бардык каражаттар менен камсыздайт (шкаф, стол, стул, килем, оюнчуктар, окутуу-өнүктүрүү куралдары жана тарбиячы үчүн колдонмолор).

Мындай тажрыйба 2016-2018-жылдары министрлик тарабынан ишке ашырылган жана өлкө боюнча кыска мөөнөттүү 120 балдар бакчасы түзүлгөн. Азыркы учурда алар ишмердүүлүгүн ийгиликтүү жүргүзүп келүүдө.

Балдар бакчада 3 саат болот, бирок билим-тарбиядан аксабайт 

Экинчиден, салттуу жана кыска мөөнөттүү бала бакчада балдарды өнүктүрүү программасы окшош жана бирдей убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Бакчанын эки тибинде тең балдар оюн аркылуу  өнүгөт, тарбия  жана билим алат. 

Үчүнчүдөн, кыска мөөнөттүү бала бакча эки эсе көп баланы камтыйт. Салттуу бакчада бир тайпада 25 бала тарбияланса, кыска мөөнөттүү бала бакча 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп балага тарбия бере алат. 

Төртүнчүдөн, кыска мөөнөттүү бала бакчада уктоочу керебет, шейшеп, тамак-ашка ж.б. ушул сыяктууларга кошумча чыгым кетпейт. Расмий эсептөөлөргө таянсак, мамлекет учурда бакчага барган бир жеткинчек үчүн (3-5 жаш) жылына 42 миң сом коротсо, кыска мөөнөттүү бакчада бул сумма болгону 11 миң сомду түзөт. Жалпылап айтканда бюджеттик каражат тартыш болуп турган мезгилде мектепке чейинки билим берүүнүн бул форматы экономикалык жактан пайдалуу жана аз каражат керектейт. 

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү боюнча стратегиялык документтерде белгиленген максаттарга мүмкүн болушунча тез жана кыска аралыкта жетүүнүн оптималдуу варианттарынын бири болуп саналат. 

Белгилей кетчү нерсе, мектепке чейинки балалык - бул адамдын жашоосунун кичинекей бөлүгү. Бирок бул убакыттын ичинде бала өзүнүн бүткүл кийинки жашоосуна караганда алда канча көп нерсеге ээ болот, ошондуктан биз балдарыбыздын жаштайынан татыктуу билим жана тарбия алышына шарт түзүп беришибиз керек.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар