Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Билим берүү жана илим министрлиги PISA-2025 изилдөөсүнө катышууга даярдыктар боюнча семинар өткөрдү

Көрүлдү: 2029

Бүгүн, 24-февралда, Билим берүү жана илим министрлиги «PISA-2025 изилдөөсүнө катышууга даярдоо: изилдөөнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү. Максатка жетүү үчүн алгачкы кадамдар» аттуу семинар өткөрдү. Иш-чара Бишкектеги И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өткөрүлдү.

post.title

Семинарга билим берүү жана илим министринин орун басарлары Надира Джусупбекова, Гүлнур Джайнакова, министрликтин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев, Жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова, министрликтин түзүмдүк бөлүктөрүнүн адистери, Кыргызстандагы педагогикалык жогорку окуу жайлардын, колледждердин, кесиптик лицейлердин жетекчилери жана аймактык билим берүү бөлүмдөрүнүн, билим берүү институттарынын жана усулдук борборлордун башчылары катышышты.

Министрдин орун басары Надира Джусупбекова Кыргызстан 2025-жылы окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасына катыша турганын айтып, ага даярдык көрүү маселелерине токтолду. Ал PISA-2025ке катышууга даярдык көрүү максатында түзүлгөн Жол картага ылайык жумуштар аткарылып жатканын, анын маңызын билим берүү түзүмдөрүнүн тиешелүү жетекчилерине, ЖОЖ, колледждердин окутуучуларына, мектеп директорлоруна жана мугалимдерине, ата-энелерге жеткирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Россиянын билим берүү академиясынын Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиялык институтунун Билим берүүнүн сапатын баалоо борборунун жетекчиси Галина Ковалева изилдөөнүн негизги максаты, фокусу, аны уюштуруу, изилдөө циклдары, PISA-2018 жана PISA-2022деги функционалдык сабаттуулуктун баалоо модели боюнча презентация жасап, маанилүү жагдайлар боюнча түшүндүрмө берди.

Ал эми Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева Кыргызстан 2006 жана 2009-жылдары катышкан PISAнын жыйынтыктары, таасир эткен факторлор боюнча кенен маалымат берди.

Европа биримдигинин «Кыргызстандын билим берүү секторун колдоо» долбоорунун адиси Маматкалил Разаев «Даярдануунун негизги аспекттери» деген аталышта презентация жасады.

«Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында өлкөнүн окуучуларын PISA-2025 изилдөөсүнө даярдоонун негизги багыттарында жасала турган иш-чаралар жөнүндө долбоордун баалоо боюнча координатору Мира Мыкыева:

- Санариптик чөйрөдө функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу боюнча тесттердин банкын иштеп чыгуу;

- Жыйынтыктоочу баалоо үчүн стандартташтырылган тесттердин банкын түзүү;

- Дистанттык онлайн жана оффлайн баалоо кызматтарын камсыз кылуучу электрондук платформаны иштеп чыгуу керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, PISA (Programme for International Student Assessment, PISA) – окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы. Тестке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү 15 жаштагы окуучулар катышат. Изилдөө окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар