Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу үчүн 400 өтүнмө түштү

Көрүлдү: 0

1.04.2021 Кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу үчүн келген өтүнмөлөрдүн саны 30-мартка карата 400гө жетти.

post.title

 

Өтүнмөлөрдү областтарга карап бөлсөк:

  • Баткен - 27
  • Нарын - 54
  • Жалал-Абад - 106
  • Ысык-Көл - 19
  • Талас - 9
  • Ош - 131
  • Чүй - 54

Атайын комиссия документтердин толуктугун жана тандоо критерийлерине шайкештигин карап жыйынтык чыгарат.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелери жетишсиз болгон алыскы жана тоолуу аймактарда, чек ара айылдарында, ошондой эле этникалык азчылык өкүлдөрү жашаган райондордо кыска мөөнөттүү бакчаларды ачуу мерчемделген.

Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында өлкө боюнча кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачат. Учурда жергиликтүү бийликтен өтүнмөлөрдү кабыл алуу жүрүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар