Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Байкоочу комитет Дүйнөлүк банктын долбоолорунун отчетун укту

Көрүлдү: 0

2022-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Байкоочу комитеттин жумушчу жыйынын өткөрдү.

post.title

 

Байкоочу комитет “Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин чыңдоо” долбоорлорунун мектепке чейинки билим берүү тармагындагы иши менен таанышып, 2021-жылга карата отчётторун жана 2022-жылга пландарын укту.

Байкоочу комитет долбоордун жооптуу аткаруучуларынын көңүлүн төмөнкү багыттар боюнча иштерди аткарууга бурду:

- балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү, 3-5 жаштагы балдарды көбүрөөк камтуу үчүн жамааттык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын артыкчылыктары жөнүндө маалыматтык өнөктүк жүргүзүү;

- экологиялык таасири боюнча иш-чараларды уюштуруу, 500 объектте коопсуздукту камсыздоо деңгээлин жана билим берүүнүн сапатын талдоо;

- оңдоо-калыбына келтирүү жана курулуш иштеринде жалдама уюмдар тарабынан экологиялык стандарттардын сакталышына, тандоо критерийлерине ылайык объекттердин аянтчаларын пайдалануунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү;

- окутуунун натыйжалуулугун арттыруу үчүн мектепке чейинки билим берүү педагогдорун даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуунун кесиптик стандарттарын жана программаларын талдоо.

2021-жылы бала бакчаларды түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түшкөн 563 өтүнмөнүн 500ү тандалып алынган, ал эми долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуучу компаниялар имараттарды карап чыккандан кийин ар бир объектке карата материалдарды даярдашат.

2022-жылдын декабрына чейин Баткен жана Ош облустарындагы 100 объектте оңдоо-куруу иштерин бүткөрүү жана жабдууларды жеткирүү пландалууда. Жалпысынан долбоорлор боюнча 500 кыска мөөнөттүү жамааттык бала бакчаларды түзүү каралган.

Маалымат үчүн:

Кыска мөөнөттүү бала бакчада 3-5 жаштагы балдарга өнүгүү, окутуу жана социалдашуу кызматтары көрсөтүлөт. Мындай жамааттык мектепке чейинки мекемеде бала 3 саат болот, ал жерде балдардын тамактануусу жана уктоосу каралган эмес.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар