Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Кыргызстанда кыска мөөнөттүү бала бакчалар барбы?

Көрүлдү: 0

18.03.2021 Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки билим берүү» долбоору аркылуу 2016-2018-жылдары өлкө боюнча кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачкан.

post.title

 

Долбоор жергиликтүү бийлик тарабынан сунушталып, ачылган бала бакчаларды төмөндөгүдөй каражаттар менен камсыздаган:

🛌 эмеректер;

👩‍🏫 окуу-методикалык колдонмолор;

🥁 өнүктүрүү оюндары;

📕 жомок китептер;

🎪 оюн аянтчалары.

Мындан сырткары санитардык-гигиеналык шарттарды түзүү үчүн дааратканаларда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, бардык талаптарга жооп берген абалга келтирилген.

Долбоор бүт областтарды камтыган:

  • Ыcсык-Көл – 18
  • Нарын – 13
  • Талас – 18
  • Чүй – 31
  • Жалал-Абад – 17
  • Баткен – 7
  • Ош – 16

Кыска мөөнөттүү бала бакчаны ийгиликтүү иштетип келе жаткан Кара-Кулжа районундагы «Мээрим» балдар бакчасынын жетекчиси Зоя Нурматова бул тажрыйба тууралуу төмөндөгүдөй пикирин билдирди.

«Бала бакчабыздын долбоордун негизинде ачып алдык. Учурда бакчабыздагы 5 тайпада 127 баланы тарбиялап жатабыз. Ата-энелер аябай ыраазы. Каалоочулар көп болгондугуна байланыштуу азыркы тапта 50дөн ашык бала электрондук кезекте турат. Долбоор көрсөтмө куралдар, эмерек, оюнчуктар, оюн аянтчаларына чейин жакшы шарттарды түзүп берди»,-дейт ал.

Мурдагы долбоордо бала бакчалар керектүү болгон бардык өнүктүрүү каражаттары менен камсыздалып, имараттын дааратканасы гана оңдоп-түзөөдөн өткөн. «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунда болсо, жергиликтүү бийлик сунуштаган имарат толугу менен ремонттон өтөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар