Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Кыска мөөнөттүү бала бакча ачууга керектелүүчү документтер тизмеси

Көрүлдү: 0

10.03.2021 Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачат.

post.title

 

Долбоор аркылуу мындай бала бакчаны ачууну пландаган жергиликтүү бийлик өтүнмө менен бирге төмөндөгү документтерди жибериши керек (Бишкек ш., Тыныстанов к. 427-кабинет):

  • райондук мамлекеттик администрациясынын коштоо каты;
  • сунушталган имарат айыл өкмөттүн балансында экендигин тастыктаган кепилдик кат (тиешелүү документтер тиркелет);
  • балдар бакчасынын бардык эксплуатациялык чыгымдарын төлөп берүүнү кепилдеген айыл өкмөттүн каты.

 

Имараттын эксплуатацияга даярдыгын тастыктаган коопсуздук боюнча корутундулар:

  • экология жана техникалык инспекциянын;
  • мамлекеттик өрткө каршы күрөшүү кызматынын;
  • санитардык эпидемиологиялык кызматтын;

- каржылоо жоопкерчилиги республикалык бюджетке өткөрүлүп берилгенче тарбиячылардын айлык акысын төлөө боюнча айыл өкмөтүнүн кепилдик каты;

- райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн тарбиячылардын айлык акысын этабы менен республикалык бюджетке киргизүү боюнча кепилдик каты.

 

Айыл өкмөттүн акыркы жылдагы отчетунун көчүрмөсү:

  • бала бакчалардын саны;
  • 3-5 жашка чейинки балдардын саны (мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны);
  • бакчага барган балдардын саны % менен;
  • бакчага барбаган балдардын саны % менен.

Документтерди “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун координациялоо бөлүмүнүн электрондук даректерине жөнөтсөңүздөр болот: lfpengineer@gmail.com, officeorp@gmail.com. Байланыш телефону: +996 700 305 304.

Кыска мөөнөттүү бакчаларды мектепке чейинки билим берүү программалары менен камтуу аз болгон алыскы жана тоолуу аймактар, чек ара айылдары, ошондой эле этникалык азчылык өкүлдөрү жашаган райондордо ачуу мерчемделген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар