Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Критерийдик баалоо методологиясы боюнча машыктыруучулар окутулуп жатат

Көрүлдү: 0

Кыргызстанда башталгыч класстарда критерийдик баалоо методологиясын жана инструменттерин пилоттоо максатында машыктыруучуларды окутуунун экинчи этабы өтүп жатат.

post.title

 

Тренингден өткөн машыктыруучулар өлкө боюнча тандалып алынган 40 мектептин башталгыч класс мугалимдерин этап-этабы менен окутууну улантат. 

Критерийдик баалоо - бул так иштелип чыккан критерийлердин негизинде окуучунун реалдуу жетишкендиги менен күтүлгөн натыйжаларды салыштыруу процесси.

Методологияны пилоттоо 2023-2024-окуу жылынын II чейрегинен башталды.  Сыноонун жыйынтыгы боюнча аны өлкөнүн мектептерине мындан ары киргизүү боюнча сунуштамалар иштелип чыгат.

Иш чара Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар