Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Кыргызстанда кыска мөөнөттүү бакчалар расмий ачыла баштады

Көрүлдү: 0

28-мартта Чүй облусунун Москва районунун Төлөк айыл аймагындагы Спартак жалпы орто билим берүү мектебинин базасында кыска мөөнөттүү (3 сааттык) бала бакча расмий түрдө ачылды. Бул – өлкө боюнча түзүлө турган кыска мөөнөттүү 560 бакчанын бири.

post.title

 

Бакча бир тайпага ылайыкташып, мында эки нөөмөттө (түшкө чейин жана кийин) 50 бала тарбияланат.

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоору бакча үчүн бардык шартты түзүп берди:

  • эки бөлмө толугу менен оңдоп-түзөөдөн өттү,
  • айнек, эшиктери алмаштырылды,
  • балдардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен санитардык-гигиеналык шарт түзүлдү,
  • килем, оюнчук, эмерек, балдар үчүн өнүктүрүү куралдары берилди,
  • балдар аянтчасы орнотулду.

Москва районунда жалпы кыска мөөнөттүү 16 бала бакча түзүлөт. Алар апрель айында бөбөктөр үчүн эшигин ачат.

Иш чарага райондун акими, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы долбоорлорду ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмүнүн жетекчилиги, райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Эскерте кетсек, «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлөт. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейин билим алууга тартылат. 

Маалымат үчүн: Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар