Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Баланын эрте өнүгүүсүн баалоо куралы апробациядан өттү

Көрүлдү: 0

Ар бир баланын өнүгүү процессин (эрте өнүгүүсүн) комплекстүү өлчөө инструменти 2024-жылдын башында апробациядан өткөрүлүп, ага Кыргызстандагы 368 бала бакча катышты. Тарбиячылар үчүн онлайн жыйындар уюштурулуп, анкетаны толтуруу боюнча кыскача нускама берилди. Апробация анкетадагы суроолордун негиздүүлүгүн текшерүү үчүн өткөрүлдү.

post.title

 

368 бакчанын тарбиячылары 4 жаштан 6 жашка чейинки 736 бала үчүн анкета толтурушту (ар бир бакчадан экиден бала), балдар жана кыздар бирдей санда – 368.

Алынган маалыматтарга ылайык, балдардын 81%нын бою жана салмагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жаш курактык нормасына жооп берет. Балдардын 12%нын салмагы жетишсиз болсо, 7%ында ашыкча салмак катталган. Изилдөөгө катышкан балдардын 3,2% билим алууда өзгөчө муктаждыгы бар (ар кандай физикалык көйгөйү барлар: сүйлөөсү, угуусу жана башкалар). Балдардын 97,6% бардык эмдөөлөрдү үзгүлтүксүз алышкан, ал эми 2,4%ы эмделген эмес. 15% бала өз тилинде эркин сүйлөшө алышпайт. 91% бала (667) ата-энеси менен, 7% (52) апасы менен, болжол менен 1% (6) атасы менен жана туугандары менен 1% балдар (11) жашашат.

Изилдөөгө катышуу үчүн тарбиячылар тарабынан тандалып алынган балдардын 72%ы тайпада бир ай же андан көп болушкан, 11%ы тайпада 2 жылдан бери, 14%ы башка тайпалардын келишкен жана балдардын 3,1%ы бир айга жетпеген убакыттан бери тайпада болушкан. Өлчөөнүн бардык багыттары боюнча орточо балл 4,6дан 5,1 баллга чейин.

Педагог ар бир өлчөнгөн индикатор боюнча үч диапазондогу белгилүү жүрүм-турумдук көрүнүштөргө ылайык упайларды (1ден 7ге чейин) ыйгарат: жогорку (алдыңкы), жетиштүү (орто) жана жетишсиз (негизги). Бул көрсөткүч балдардын өз курагы үчүн өнүгүү деңгээли жетиштүү экендигин тастыктап турат.

Дээрлик бардык тарбиячылар акыркы 12 айда жок дегенде бир жолу кесиптик ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө байланыштуу иш-чараларга катышкан. Тарбиячылардын басымдуусу, тагыраагы75%ы кесиптик жактан такшалуу, өнүгүү үчүн башка бала бакчаларда тажрыйба алмашууну жана методикалык семинарларга катышууну колдонот. Квалификацияны жогорулатуунун башка форматтарына (квалификацияны жогорулатуу курстары, семинарлар (офлайн), квалификацияны онлайн жогорулатуу, дистанттык окутуу (курстар, семинарлар), билим берүү конференциялары, апробацияга катышуу ж.б.) тарбиячылардын көп эмес бөлүгү катышты. Педагогдордун көпчүлүгү бала бакчалардагы иштөө шарттарына ыраазы.

Азыркы учурда алынган маалыматтар жана апробациянын жүрүшүндөгү сунуштар боюнча каражатты толуктоо жумуштары жүрүп жатат.

Бул каражат «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында 500 кыска мөөнөттүү бала бакчанын жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорунун алкагында 60 өнүктүрүү борборунун таасирин баалоо үчүн колдонулат.

Белгилей кетсек, инструмент Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында "Балалык" программасынын талаптарына ылайык иштелип чыкты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар