Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Баткенде кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылат

Көрүлдү: 0

Ушул жылдын 22-июнуна карата Билим берүү жана илим министрлигине кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачуу үчүн Баткен областынан 29 өтүнмө келип түштү. Анын ичинде Баткен районунан – 5, Кадамжай районунан – 9, Лейлек районунан – 7, Сүлүктү шаарынан – 6, Айдеркен шаарынан – 1, Исфана шаарынан – 1.

post.title

 

Ушундай эле өтүнмөлөр өлкөнүн бүт аймагынан кабыл алынды. Министрлик кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачууга керектүү болгон документтерди кабыл алууну жыйынтыктап жатат. Атайын комиссия документтердин шайкештигин текшерип, талапка жооп берген өтүнмөлөрдү долбоорго кошот. Андан соң бакчаны уюштуруу боюнча тиешелүү жумуштар башталат.

Кыска мөөнөттүү бакчаларды ачууда артыкчылык алыскы, тоолуу жана чек аралаш аймактарга берилет. Мындай бакчада балдар 3 саат гана болушат жана аларга өнүктүрүү, окутуу, тарбия берүү кызматтары көрсөтүлөт. Тамак берүү, уктоо каралбайт. Мектепке чейинки билим берүүнүн бул форматы экономикалык жактан пайдалуу жана аз каражатты керектейт. Долбоордун алкагында ар бир бакчада балдар үчүн санитардык-гигиеналык шарттар түзүлөт, окутуу, өнүктүрүү куралдары менен камсыздалат. Жергиликтүү бийлик тарабынан сунушталган имарат толугу менен оңдоодон өтүп, балдар аянтчасы да курулат.

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында өлкө боюнча жалпы 500 кыска мөөнөттүү бала бакча ачууну пландоодо.

2016-2018-жылдары министрлик өлкө боюнча кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачкан.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар