Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
1200 мектептеги Электрондук китепкана кандай иштейт? Видео

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлиги "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында билим берүүчү санариптик платформа иштеп чыгат.

post.title

 

Бул сайтта 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар үчүн STEM предметтери боюнча электрондук окуу контентин камтыган видеосабактар, интерактивдүү сүрөттөр, 3D-моделдер, тесттик тапшырмалар, виртуалдык лаборатордук көнүгүүлөр, симуляторлор болот.

 

Мугалимдер пилоттук 1200 мектептеги математика, физика, биология, химия, география кабинеттеринде жабдылган проектор жана компьютьердин жардамында платформага кошулуп, санариптик материалдарды колдонуу менен сабактарды кызыктуу, интерактивдүү өтө алса, окуучулар электрондук китепканаларда тесттик тапшырмалар аркылуу билимин текшерип, виртуалдык лабораториялык жумуштарды аткарып, өз алдынча билимин өркүндөтө алат.

Электрондук китепкана - бул мугалимдер жана окуучулар үчүн окуу процессинде санариптик билим берүү ресурстарын натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгү.

"Келечек үчүн билим берүү" долбоорун Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосунда ишке ашырат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар