Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
25 миңден ашуун компьютер жана башка техника мектептерге берилди. Ролик

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында өлкөдөгү 1200 мектепке жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик техникаларды берди.

post.title

 

Жалпы:

🖥  25 368 компьютер;

📽  7208 проектор;

🔋 1208 UPS (үзгүлтүксүз энергия булагы);

🖨️ 1208 принтер;

🎛  2408 коммутатор (хаб);

🪑 18168 стол жана стул.

Ошентип, 1200 мектептин ар бирине 21 даана компьютер, 6 проектор, 2 коммутатор, 1 көп функционалдуу принтер жана 1 үзгүлтүксүз энергия булагы (UPS) жеткирилип, орнотулду.

Ар бир мектепке бөлүнгөн техниканын 16 компьютери жана 1 проектору атайын кабинетке жайгаштырылып, электрондук китепканалар түзүлдү. Калган 5 компьютер жана 5 проектор химия, физика, биология, география жана метематика кабинеттерине бөлүштүрүлдү. Алар өз кезегинде санариптик платформага кошулуп, интерактивдүү сабактарды өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

 

🖋 Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмү

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар