Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
15 миң мугалимди окутуучу тренингдердин модулдарынын долбоору талкууланды

Көрүлдү: 1123

Билим берүү жана илим министрлигинин “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында “Инновациялык педагогикалык технологиялар”, “STEM-билим берүүнүн негиздери жана Инновациялык педагогикалык технологиялар” модулдарынын долбоорлору талкууланды.

post.title

Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин тиешелүү жетекчилери жана адистери, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери, эксперттер, практик-мугалимдер, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери жана “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун кызматкерлери катышты.

Белгилей кетсек, “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында 58 миң мугалим ар түрдүү багыт боюнча тренингдерден өтөт. Тегерек столдо талкууланган модулдардын жардамында 7 миң башталгыч класстар мугалими заманбап инновациялык педагогикалык технология боюнча, 8 миң табигый илимдер жана математика мугалими STEM билим берүү боюнча окутуудан өтөт.

Иш-чарада билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова баалоо инструментин, тренингдин катышуучуларын онлайн тестирлөөгө мүмкүндүк берген сапаттуу модулдарды иштеп чыгуу керектигин белгиледи. Анткени тренингден кийин мониторинг жүргүзүү үчүн катышуучулар менен байланыш түзүү зарылчылыгы туулуп, мугалимдер сабагынын айрым бөлүктөрүн телефонго тартып калышы мүмкүн. Ошондой эле мугалимдердин лидерлер менен тайпалык иштөөсү сунушталды.

Тегерек столдо эл аралык консультант Марина Шалашова “Келечек үчүн билим берүү” долбоору: кадрлар баарын чечет” деген темада презентация жасады. Улуттук консультант Ольга Солошенко башталгыч класс мугалимдерин окутууга багытталган “Инновациялык педагогикалык технологиялар” модулун тааныштырды.

Ал эми Анипа Усупкожоева, Мадина Самакбаева, Альфия Насырова жана Бактияр Хайдаровдор эксперттерге жана башка кызыкдар тараптарга “STEM-билим берүүнүн негиздери жана Инновациялык педагогикалык технологиялар” модулундагы өздөрүнүн предметтик бөлүктөрүн тааныштырышты. Бардык консультанттар тренингдик модулдарды түзүүдө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү, анын жыйынтыктарын жана сунуштарын (PISA, Мектеп окуучуларынын окуудагы жетишкендиктерин өлчөө системасы, Педагогикалык практикага байкоо жүргүзүү жана CLASS) карап чыгышкан. Тренингдик модулдардын бардык багыттары үчүн Инновациялык педагогикалык технологиялар модулунун негизиндеги базалык фундаменталдык/концептуалдык бөлүгү менен бирдиктүү педагогикалык ыкма кармалды.

Талкуу учурунда эксперттер тренингдик модулдардын долбоорлорунун түзүмү жана мазмуну канчалык туура иштелип жатканы боюнча пикирлерин билдиришти. Тегерек столдун катышуучулары модулдардын долбоорлорунун бүтүндүгүн жана системалуулугун белгилешти. Ошондой эле көп сандагы (15 миң) мугалимдерди окутуунун тобокелдиктери реалдуу экендиги, бирок ресурстарды натыйжалуу колдонуу зарыл экендиги айтылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар