Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Билим берүү жана илим министрлиги кыска мөөнөттүү бакчаларга оюнчук, өнүктүрүү куралдарды жеткирип жатат

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында түзүлүп жаткан кыска мөөнөттүү бала бакчаларга керектүү болгон материалдарды жеткирүүдө.

post.title

 

Азыркы күнгө келип, 289 объектке оюнчуктар, өнүктүрүү куралдары берилди. Заманбап балдар аянтчаларын орнотуу иштери аба-ырайына карап  жүрүп жатат.

Мындан сырткары, 144 объектте эмеректер да орнотулду. (Ош облусу - 56, Жалал-Абад облусу - 85 жана Чүй облусу - 3).

Учурда кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын 255инде оңдоп-түзөө иштери жыйынтыкталды.

Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын неигизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар