Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
“Келечек үчүн билим берүү” жана "Окутуунун негиздерин бекемдөө" долбоорлорунун Чүй облусундагы бенефициарлары менен жолугушуулар өткөрүлдү

Көрүлдү: 0

Министрликтин алдындагы Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн адистери, 13-декабрдан 15-декабрга чейин Чүй облусунун райондорунда жогорудагы эки долбоорго катышкан кызыкдар тараптар менен социалдык аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдардын бакчага тартуу боюнча жолугушуулар өткөрүлдү. Дээрлик ар бир райондо өткөн жыйындарга райондук, шаардык деңгээлдеги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана ата-энелер катышты.

post.title

 

Жолугушууларда долбоордун социалдык маселелер боюнча адиси Талант Эркинбеков жана коомчулук менен байланыш адиси Акылбек Орозматов кыска мөөнөттүү бала бакчаларга балдарды кабыл алууда социалдык аз камсыз болгон, толук эмес, көп балалуу жана мигранттардын кирешесинен көз каранды болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына артыкчылык берилиши керектигин белгилеп, мындай бакчаларда билим алуу акысыз боло турганын кабарлашты. Мындан сырткары, Дүйнөлүк банктын социалдык-экологиялык стандарттары тааныштырылып, долбоордун жүрүшү тууралуу кенен маалымат берилди.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” жана "Окутуунун негиздерин бекемдөө" долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча түзүп жатат. Учурда анын 290 объектте оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат, дагы 270 объект үчүн тендер жарыяланды.

Кыска мөөнөттүү 560 бала бакча менен 3-5 жаш курактагы 20 миңден, 40 миңге чейин баланы камтуу пландалган.

 


 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар