Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
"Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү" инструменти талкууланды

Көрүлдү: 0

“Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү” (ББПБЖ) каражаты - сабактын жүрүшүндө мугалимдин да, окуучулардын да окуу чөйрөсүнө жана иш-аракеттерине байкоо салуунун негизинде түзүлгөн окутуу процессин комплекстүү баалоо куралы. Ал быйыл, 2023-жылы иштелип чыгып, март айында презентацияланган.

post.title

 

Тегерек столдун жүрүшүндө изилдөөнүн биринчи этабынын жыйынтыктары, ошондой эле инструментти жакшыртуу максатында алдыда белгиленген иш-чаралар талкууланды. Пилоттоонун экинчи этабын 2024-жылы өткөрүү пландалган. Катышуучулар эксперттер жана аналитиктерге суроолорду берип, инструментти жакшыртуу боюнча өз сунуштарын киргизишти.

 

Облустук жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрүнө жашыруун түрдө ар бир мугалим боюнча кайтарым байланыш тапшырылды. Ошондой эле инструменттин катышуучуларын жактыруу жана тиешелүү сунуштарды киргизүү менен тегерек столдун Резолюциясына кол коюлду.

 

Иш чара 28-ноябрда, Бишкекте онлайн жана оффлайн режиминде өттү. Ага Билим берүү жана илим министрлигинин жооптуу өкүлдөрү, Кыргыз Билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун жетекчилери, Бишкек шаардык билим берүү бөлүмүнүн, облустук жана райондук методикалык борборлордун, институттардын жетекчилери жана байкоого катышкан мектеп директорлору катышты.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар