Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Кыска мөөнөттүү бала бакчаларга аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары биринчи кабыл алынат

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлиги “Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлорунун алкагында түзүп жаткан кыска мөөнөттүү 560 бала бакчага биринчи кезекте социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары кабыл алынат.

post.title

 

Министрликтин алдындагы Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн адистери, октябрь жана ноябрь айларында Талас, Жалал-Абад, Ош облустарындагы 20 район/шаарда долбоорго катышкан кызыкдар тараптар менен социалдык аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдардын бакчага тартуу боюнча жолугушуу өткөрүлдү. Дээрлик ар бир райондо өткөн жыйындарга райондук, шаардык деңгээлдеги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана ата-энелер катышты. 

Жолугушууларда долбоордун социалдык маселелер боюнча адиси Талант Эркинбеков жана коомчулук менен байланыш адиси Акылбек Орозматов кыска мөөнөттүү бала бакчаларга балдарды кабыл алууда социалдык аз камсыз болгон, толук эмес, көп балалуу жана мигранттардын кирешесинен көз каранды болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына артыкчылык берилиши керектигин белгилеп, мындай бакчаларда билим алуу акысыз боло турганын кабарлашты. Мындан сырткары, Дүйнөлүк банктын социалдык-экологиялык стандарттары тааныштырылып, долбоордун жүрүшү тууралуу кенен маалымат берилди.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” жана "Окутуунун негиздерин бекемдөө" долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча түзүп жатат. Учурда анын 290 объектте оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат, дагы 270 объект үчүн тендер жарыяланды.

Кыска мөөнөттүү 560 бала бакча менен 3-5 жаш курактагы 20 миңден, 40 миңге чейин баланы камтуу пландалган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар