Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын миссиясы түзүлүп жаткан кыска мөөнөттүү бала бакчалар менен таанышты

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы билим берүү боюнча улук адиси Гүлмира Султанованын башчылыгында, ДБнын улук экономисти Саурав Дев Бхатта жана министрликтин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова менен биргеликте "Келечек үчүн билим берүү" жана "Окутуунун негиздерин бекемдөө" долбоорлору боюнча Дүйнөлүк банктын миссиясынын сапарынын алкагында Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда түзүлүп жаткан кыска мөөнөттүү бала бакчалардагы оңдоо иштери менен таанышышты.

post.title

 

Таанышуу учурунда кыска мөөнөттүү бакчаларды түзүү үчүн айыл өкмөттөр тарабынан сунушталган имараттардын базасында санитардык-гигиеналык шарттарды жана оюн бөлмөлөрүн түзүү боюнча иштер, ошондой эле куруучу компаниялар тарабынан айлана-чөйрөнү жана социалдык чөйрөнү башкаруу планы боюнча Дүйнөлүк банктын социалдык-экономикалык стандарттарынын сакталышы каралды. Мындан сырткары, миссия өкүлдөрү кыска мөөнөттүү бала бакчаларына оюн аянтчаларын, эмеректерди, оюнчуктарды жана жабдууларды жеткирүү графиги менен таанышты.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” жана "Окутуунун негиздерин бекемдөө" долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча түзүп жатат. Учурда анын 290 объектте оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат, дагы 270 объект үчүн тендер жарыяланды

Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын неигизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар