Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Кадамжай жана Ысык-Ата райондорунун башталгыч класс мугалимдери критерийдик баалоо методологиясы боюнча окутуудан өтөт

Көрүлдү: 0

Башталгыч класстарда критерийдик баалоо методологиясын жана инструменттерин пилоттоо максатында Бишкек шаарында машыктыруучулар окутулууда. Окутуу 16-октябрда башталган жана 19-октябрга чейин уланат.

post.title

 

Тренингден өткөн машыктыруучулар Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Чүй облусунун Ысык-ата районундагы 20 жана Баткен облусунун Кадамжай районундагы 20 мектептин башталгыч класс мугалимдерин этап менен менен окутат.

Методологияны пилоттоону 2023-2024-окуу жылынын II-IV чейректеринде өткөрүү пландаштырылууда. Сыноонун жыйынтыгы боюнча аны өлкөнүн мектептерине мындан ары киргизүү боюнча сунуштамалар иштелип чыгат.

Критерийдик баалоо - бул так иштелип чыккан критерийлердин негизинде окуучунун реалдуу жетишкендиги менен күтүлгөн натыйжаларды салыштыруу процесси.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар