Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Жаңыдан түзүлүп жаткан кыска мөөнөттүү 162 бала бакчада оңдоо иштери башталды

Көрүлдү: 0

Республика боюнча түзүлүүчү кыска мөөнөттүү 500 бала бакчанын 133үндө жана мектепке чейинки 60 өнүктүрүү борборлорунун 29унда оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жатат. Курулуш иштери дээрлик бардык облустарды уланууда.

post.title

 

Бул объекттердин айрымдарында оңдоп-түзөө иштери жыйынтыкталып калса, калгандарында учурда жумуштар жүрүп жатат.  Жакынкы күндөрү дагы 122 имаратта ремонт башталат. Эки долбоорлго кошулган башка объекттерде жумуштар тендер процедуралары аяктаган соң уланат.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорунун алкагында республика боюнча кыска мөөнөттүү 560 бала бакча түзүлөт.

Жергиликтүү бийлик тарабынан сунушталып, долбоорго кирген имараттардын ар биринде капиталдык оңдоп-түзөө, балдар үчүн санитардык гигиеналдык шарттарды түзүү иштери аткарылат. Мындан сырткары, эмерек, килем, оюн жана өнүгүү үчүн материалдар, оюнчуктар, дидактикалык жана методикалык материалдар берилет, заманбап балдар аянтчалары курулат жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ылайыкташкан шарттар түзүлөт.

Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын неигизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп балага тарбия бере алат.

Кыска мөөнөттүү 560 бала бакча менен 3-5 жаш курактагы 20 миңден, 40 миңге чейин баланы камтуу пландалган. 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар