Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
«Келечек үчүн билим берүү» долбоору Педагогдордун квалификациясын жогорулатуу институтунда видеостудия ачылуусун каржылады

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтуна видеостудия үчүн керектүү болгон бардык техникалык жабдыктар сатылып алынды.

post.title

 

Эми институт видеосабак, видеолекция сыяктуу жогорку сапаттагы билим берүүчү материалдарды жарата алат. Видеостудия ошондой эле педагогдорго, мугалимдерге окутуунун заманбап методикаларын, анын ичинде аралыктан окутуу, вебинарлар, мультимедиялык материалдарды колдонууга жана өзүнүн интерактивдүү сабактарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул өз кезегинде окутуунун сапатын жакшыртууга, окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт. Бул өз кезегинде заманбап билим берүү чөйрөсүндө билим алуу, окутууну каалаган студенттерди жана окутуучуларды тартууга жардам берет.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар