Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Башталгыч класстын 7000 мугалими окутуудан өтүп жатат

Көрүлдү: 0

Башталгыч класстын 7000 мугалими коррекциялык окутуунун ыкмалары боюнча тренингден өтүп жатат. Окутуу Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында жүрүүдө.

post.title

 

2023-жылдын август айына келип, Кыргызстан боюнча 1200  пилоттук мектептин 4200 мугалими реалдуу жана онлайн режимде тренингден өтүштү.

Долбоор алкагында октябрь айында бала бакча тарбиячыларынын да билимин өркүндөтүү пландалган. Ага ылайык, өлкө боюнча 700 бала бакча тарбиячысы мектепке чейинки өнүктүрүү - «Балалык» программасы аркылуу окутуудан өтөт.

Белгилей кетсек, «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында бир нече багыттар боюнча жалпы 58 миң педагогдун билимин жогорулатуу пландалган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар