Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
«Келечек үчүн билим берүү» долбоору Билим берүүнүн сапатын баалоо борборуна техникалык жабдыктарды берди

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борборуна техникалык жабдыктарды тапшырды.

post.title

 

Бул техникалык каражаттар Билим берүү практикаларына байкоо жүргүзүү инструменти боюнча видеосбактарды тартуу, пилоттук мектептердин мугалимдери үчүн тренингдерди онлайн өткөрүү жана «Баалоо», «PISA» сыяктуу тестирлөөлөрдү санариптик форматта жүргүзүү үчүн берилди.

Берилген жабдыктардын тизмеси:

  • санариптик видеокамера (штативи менен) – 1 даана;
  • флешка – 2 даана;
  • зымсыз микрофон – 1 даана;
  • видеокамера (штативи менен) – 60 даана;
  • интерактивдүү панель - 1 даана;
  • видеокамера - 1 даана;
  • спикерфон - 1 даана;
  • OPS Windows - 1 даана;
  • ноутбук – 20 даана;
  • персоналдык компьютер – 4 даана;
  • көп функционалдуу принтер – 5 даана;
  • планшет – 70 даана;
  • Wi-Fi роутер – 10 даана;
  • моноблок – 6 даана;
  • чек чыгаруучу принтер – 6 даана;
  • сервер (Dell PowerEdge R740) – 1 даана;
  • UPS- 1 даана;
  • Firewall Check Point – 1 даана.

Берилген техникалык каражаттар билим берүүдө санариптик программалардын артыкчылыктарын пайдаланууга, билим берүүдө баалоо системасын жакшыртууга, ошондой эле баалоонун ар кандай түрлөрү боюнча окуу симуляторлорун колдонуу аркылуу мугалимдердин жана окуучулардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

       

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар