Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Кыргызстанда биринчи жолу балдардын эрте өнүгүүсү улуттук инструмент менен бааланат

Көрүлдү: 0

Мектепке чейинки билим берүүнүн эффективдүүлүгүн өлчөөчү “Келечек” деп аталган улуттук каражаттын концептуалдык негизи 6-июлда Бишкек шаарында өткөн тегерек столдо талкууланды. Анын максаты - мектепке чейинки билим берүү программаларынын натыйжалуулугу боюнча маалыматтарды алуу үчүн балдардын эрте өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын түзүү.

post.title

 

Иш чарага Билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рыспаева, министрлик, Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери, баалоо боюнча адистер, Бишкектин райондук билим берүү борборлорунун жетекчилери жана бала бакча башчылары катышты.

 

Бул курал (БЭӨБ – баланын эрте өнүгүүсүн баалоо) баланын өнүгүүсүндөгү негизги аспектилерди ишенимдүү жана так белгилеп, тарбиячыга баланын өнүгүүсүнө жекече мамиле жасоого жана окутуу методдорун өркүндөтүүгө жардам бериши керек.

 

БЭӨБ – бул баланын эрте өнүгүүсүн беш негизги параметри боюнча баалоо анкетасы:

  • Таанып билүү жана когнитивдик өнүгүү
  • Физикалык өнүгүү
  • Сабаттуулук (тил) жана коммуникация
  • Чыгармачылык жана эстетикалык өнүгүү
  • Социалдык жана эмоциналдык көндүмдөр

 

Жыйынтыгында катышуучулар баары төмөндөгүдөй бир пикирге келишти:

- билим берүү уюмдарынын практикасына ЭӨӨКтү (эрте өнүгүүнү өлчөө куралы) киргизүүнүн ченемдик негизин иштеп чыгуу, БЭӨБ инструментин институтташтыруу аны педагогдорду даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларына киргизүү аркылуу улантылат.

- бүткүл өлкө боюнча МЧББУну (мектепке чейинки билим берүү уюмдары) камтууну акырындык менен кеңейтүү менен окутууну жакшыртуу үчүн МЧБУга инструментти киргизүү;

- балдардын өнүгүүсүн көзөмөлдөө максатында ЭӨӨКтү колдонуу менен изилдөө боюнча маалымат базасын түзүү;

- ЭӨӨКтү колдонуу менен изилдөөлөрдүн маалыматтарынын негизинде мектепке чейинки билим берүүнүн стандарттарын жана окуу программаларын толуктап иштеп чыгуу/жакшыртуу;

- ЭӨӨКтү колдонуу менен изилдөөлөрдүн базасында МЧББУнун педагогдорун даярдоо жана кесиптик өнүктүрүү программаларын толуктап иштеп чыгуу;

- ЭӨӨКтү колдонуу менен тандоо изилдөөлөрүн үзгүлтүксүз (мисалы, үч жылда бир жолу) жүргүзүү, анын ичинде маалыматтарды киргизүү, талдоо жана отчетторду түзүү үчүн шарттарды жаратуу;

- ата-энелерге жана башка кызыкдар тараптарга эрте өнүгүүнүн жана бул процессти үзгүлтүксүз өлчөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берүү;

- ЭӨӨКтү колдонуу менен өткөрүлгөн изилдөө жыйынтыктарын окутуу системасы менен байланыштыруу.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар