Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
PISA программасы боюнча суроолорго жооп беребиз

Көрүлдү: 0

Кыргызстан 2025-жылы өтө турган окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасына катышат. Учурда Билим берүү жана илим министрлиги PISA - 2025ке катышууга даярдыкты баштады. Эл аралык баалоо программасы боюнча коомчулукка толук жана так маалымат жеткирүү максатында PISA боюнча эң маанилүү суроолорго жооп беребиз.

post.title

 

PISA деген эмне?

PISA (Programme for International Student Assessment, PISA) - окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы. Аны 2000-жылдан бери Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму (OECD) ар үч жылда бир жолу өткөрүп келет. Эл аралык баалоонун 8-циклы (2021-жылы өтүшү керек болчу) Covid-19 пандемиясына байланыштуу был жылга жылдырылып, 2022-жылы өтмөй болду. PISAга катышуучу өлкөлөрдүн саны 2000-жылы 32 болсо, 2022-жылга келип, 88ге жетти. Бул өз кезегинде PISAны ушул сыяктуу изилдөөлөрдүн эң масштабдуусуна айландырды.

 

PISA изилдөөсү мониторинг жүргүзүүчү болуп эсептелет. Ал ар бир мамлекеттин билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрдү аныктап, билим берүү жетишкендиктерин же кемчиликтерин салыштырып, тиешелүү тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет. Билим берүү тутумундагы стратегиялык чечимдердин эффективдүүлүгүн баалайт, билим берүү саясатынын максаттарын аныктоого жардам берет.

 

PISA кимди баалайт?

Тестке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү 15 жаштагы окуучулар катышат. Көпчүлүк өлкөлөрдө билим берүү системасы жалпы багытка ээ, ошондуктан бул жашка келип мектептеги милдеттүү билим алуу аяктайт.

 

PISA эмнени баалайт?

PISA окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт. Башкача айтканда жалпы орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө же болбосо, өзүн ордун табууга керектүү болгон көндүм жана билими бар же жок экенин  баалоону максаттайт.

 

PISAнын өлчөө аймагы

Окуучулардын билим жетишкендиктерин изилдөө негизги үч багытта жүргүзүлөт: окуу сабаттуулугу, математикалык сабаттуулук жана табигый илимдер боюнча сабаттуулук. Мында окуучулардын жалпы билим берүү жана интеллектуалдык көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө баа берүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Баалоодо негизги көңүл жогорудагы үч багыттын бирөөсүнө коюлат. Тактап айтканда, тестирлөөгө кеткен убакыттын үчтөн эки бөлүгү негизги делген багытка бөлүнөт.

PISA изилдөөcүнүн ар бир циклынде баалоонун приоритеттүү багытын өзгөртүү - бул изилдөөнүн негизги багыты боюнча толук кандуу маалыматты алуу жана бул багыттагы жетишкендиктерге салыштырма талдоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү. Негизги баалоо багыттарынан тышкары PISAнын акыркы циклдарында кошумча инновациялык багыттар иштелип чыккан. Ар бир 3 жылда бир инновациялык баалоо багыты киргизилет:

  • Санариптик сабаттуулук (2009)
  • Тапшырмаларды өз алдынча аткаруу (2012)
  • Тапшырманы биргеликте аткаруу (2015)
  • Глобалдык компетенттүүлүк (2018)
  • Креативдүү ой жүгүртүү (2022)

Ар бир мамлекет кошумча багытты тандоону же андан баш тартууну өзү чечет.

 

PISAга катышуу Кыргызстанга эмне берет?

PISA изилдөөcү мамлекеттеги билим берүүнүн абалы боюнча объективдүү маалымат бере алат. Изилдөөнүн жыйынтыгы Кыргызстан үчүн төмөндөгүлөргө жардам берет:

  • Кыргызстандагы окуучулардын функционалдык сабаттулугунун деңгээлин баалап жана аны менен бирге экономикалык жактан анча өнүкпөгөн же өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүү системаларына карата Кыргызстандын билим берүү системасынын эффективдүүлүгүн салыштыруу;
  • билим берүүгө ийгиликтүү колдонулган дүйнөлүк практикада эң ийгиликтүү практикаларды табуу;
  • окутуунун эффективдүүлүгүнө жана жыйынтыктарына таасир этүүчү факторлорду баалоо жана Кыргызстандын билим берүү системасын реформалоо үчүн сунуш жана стратегияны иштеп чыгуу;
  • убакыттын өтүшү менен Кыргызстандагы окуучулардын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүүдөгү өзгөрүүлөрдү байкоо.

 

Изилдөө куралдары

PISAнын изилдөө куралдарына тесттик тапшырмалар жана анкеталар кирет. Куралдар Концорциумдун (Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун эл аралык алдыңкы илимий уюмдар менен консорциуму) жетекчилиги астында баалоо программасына катышуучу өлкөлөрдүн жана алдыңкы эл аралык уюмдардын эксперттеринин катышуусунда түзүлөт. Тестти тапшырып бүткөн соң, ар бир окуучу жарым сааттын ичинде билим берүү уюму, үй-бүлө, анын жакындары менен болгон мамилеси жана өзүнүн кызыгуусу боюнча суроолордон турган анкета толтурат. Билим берүү уюмунун администрациясы да кошумча анкетирлөөдөн өтөт.

 

Тапшырмалардын форматы

Тест тапшырмалары анкета түрүндө болот жана белгилүү бир көйгөйдүн түшүндүрмөсү менен тапшырмалар берилет. Анда ар кандай мүнөздөгү жана кыйынчылыктагы бирден алтыга чейин суроолор берилет.

 

Тест суроолорунун ар кандай форматтары колдонулат, ачык же жабык. Мында окуучулар суроолорго өз оюн жазышы, жеке көз карашын билдире алышы керек, же туура же туура эмес деп баалана турган (жабык жооптор) чектелүү варианттардын ичинен жоопторду тандап алышы керек. Тесттик тапшырмалардын дээрлик жарымын эркин түрдө жооп берүүгө болжолдонгон суроолор түзөт. 2015-жылдан тартып PISA компьютердик баалоого өттү. Дээрлик бардык өлкөлөр санариптик форматтагы тестирлөөгө катышкан.

 

Изилдөөнү өткөрүүнү стандартташтыруу

Изилдөө бирдиктүү координациялык борбор тарабынан даярдалган инструкция жана эрежелерге ылайык жүргүзүлөт. Изилдөөнүн ар бир этабы (үлгү алуу, куралдарды которуу жана адаптациялоо, тестирлөөнү өткөрүү жана анкетирлөө, маалыматтарды анализдееп чыгуу жана текшерүү) эл аралык эксперттер тарабынан көзөмөлдөнөт. Жоопторду тандоо менен тапшырмалардын аткарылышын текшерүү атайын программалык камсыздоонун жардамы менен автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Ачык жооп менен болгон тапшырмаларды текшерүүнү улуттук жана эл аралык деңгээлдеги эксперттер жүргүзөт.

 

Жыйынтыктар кантип бааланат?

Тесттен өткөн ар бир окуучуга эл аралык 1000 баллдык шкала боюнча балл берилет, ал эми ар бир топтогу тапшырманы аткаруу үчүн өзүнчө (математика, окуу жана табигый илимдер).

Эл аралык 1000 баллдык шкала төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ: шкала боюнча орточо балл 500, стандарттык четтөө 100 балл, ошондо бул изилдөөгө катышкан бардык өлкөлөрдөгү билим алуучулардын болжол менен 2/3 бөлүгү 400дөн 600га чейин балл ала турганын билдирет.

 

Окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасына (PISA) Кыргызстандын катышуусу

Кыргыз Республикасы бул изилдөөгө эки жолу катышкан, 2006 жана 2009-жылы.

2006-жылы изилдөөгө өлкөдөгү 201 билим берүү мекемесинен 15 жаштагы 5904 билим алуучулар катышкан.

2009-жылы болсо, PISA изилдөөсүнө 173 билим берүү уюмунан 4986 билим алуучу катышкан. Анын жыйынтыгы боюнча толук маалыматты testing.kg сайтынан алсаңыздар болот.

Кыргызстан мектептик билим берүүнүн эл аралык рейтингине 2025-жылы кайрадан кошулууга даяр. Учурда өлкөнү PISAга даярдоо жумуштары башталды. PISA – 2025тин эң башкы багыты табигый илимдер боюнча сабаттуулук болот. Мындан сырткары Эл аралык баалоо Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму жаңы эки компонентти киргизүүнү пландап жатат:

  • Санариптик дүйнөдө окутуу (инновациялык тармак). Азыркы учурда мектепте жана андан сырткары колдонулуп жаткан санариптик инструменттердин (бразузерлер, онлайн курстар, виртуалдык лабораториялар) жардамында окуучулардын өз алдынча билим алууга даярдыгы бааланат;
  • Чет тили (эл аралык опция). Алгач өлкө тандаган чет тилин билүү деңгээли бааланат, кийин бул опция ар 6 жылда каржылык сабаттуулук боюнча тест менен кезектешип өткөрүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар