Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Мектептерде окутуунун сапатын жакшыртуу боюнча семинар өтүп жатат

Көрүлдү: 0

Кыргызстандын мектептерине окутуунун жана окуунун сапатын баалоочу жаңы инструмент киргизилүүдө. «Педагогикалык практикага байкоо жүргүзүү» деп аталган каражатты киргизүү үчүн байкоочуларды (мастер-кодерлер) даярдоо максатында 4 күндук семинар башталды.

post.title

 

Окутууга мугалимдер, мектеп директорлору, ЖОЖдордун окутуучулары, райондук жана облустук билим берүү башкармалыктарынын, Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун жана билим берүү жана илим министрлигинин адистери катышууда.

Семинардын катышуучулары ушул жылдын апрель айында өлкөнүн 240 мектебинде өткөрүлгөн сабактардагы "талаа" байкоолорунун жыйынтыктарын талкуулап-талдашууда. Байкоо ар бир мектепте башталгыч жана орто мектеп мугалимдеринин STEM багыты боюнча сабактарында жүргүзүлдү. Талкуулардын жыйынтыгы боюнча конструктивдүү кайтарым байланыштын негизинде мугалимдер, ата-энелер, администрация үчүн тышкы факторлордун таасири тууралуу кошумча маалымат берүүчү анкеталарды жана инструментти жакшыртуу боюнча чаралар көрүлөт.

Ошондой эле семинарда катышуучулар ар бир индикатор боюнча аргументтерди даярдоо менен берилген видеосабактарга ар бир балл боюнча негиздеме жазат. Бул кодердик негиздеги видео сабактар окуу чөйрөсүн жакшыртуу, окуу иш-аракеттерин уюштуруу, окутуу жана баалоо боюнча мектептерге методикалык колдоо көрсөтүү үчүн усулчуларга негиз болуп берет.

«Педагогикалык практикага байкоо жүргүзүү» (ББПБЖ) - сабактын жүрүшүндө мугалимдин да, окуучулардын да окуу чөйрөсүнө жана иш-аракеттерине байкоо салуунун негизинде түзүлгөн окутуу процессин комплекстүү баалоо куралы. Инструментти иштеп чыгууда мугалимдин ишине карата Мамлекеттик стандартта бекитилген талаптар эске алынган.

«Педагогикалык практикага байкоо жүргүзүү» инструменти Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында сыналып жатат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар