Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Өлкө боюнча 4-8-класстар үчүн Улуттук “Баалоо” программасы боюнча тестирлөө биринчи жолу санариптик форматта өтүп жатат

Көрүлдү: 0

Улуттук “Баалоо” программасы боюнча тестирлөөгө Кыргызстандын бардык мектептериндеги 4- жана 8-класстардын окуучулары катышууда. Ал 15-майдан 20-майга жүрөт.

post.title

 

"Баалоо" улуттук программасы (мурдагы Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин улуттук баалоо) 2007-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Баалоо үчүн төмөнкү предметтик багыттар аныкталган: текстти окуу жана түшүнүү, математика жана илимдин негиздери (Мен жана дүйнө). Бул баалоонун максаты - тандалган сабактар боюнча окуучулардын окуу жетишкендиктерин аныктоо жана бардык кызыкдар тараптарга жыйынтыктарды берүү.

Окуучулардын академиялык жетишкендиктерин баалоо менен катар алардын социалдык-эмоционалдык көндүмдөрүн баалоо жүргүзүлөт. Бул алардын эмоцияларын башкаруу, конфликттерди жеңе билүү, айланасындагылар менен позитивдүү мамилелерди түзүү жана колдоо, эмпатия ж.б. сыяктуу көндүмдөр. Изилдөөдө баланын мүнөзү анын академиялык жетишкендиктерине жана көндүмдөрүн калыптандырууга кандай таасир этет деген суроолор каралат.

Баалоо Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору жүргүзүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар