Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
«SТЕМ-МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ» модулдук программасы апробациядан өттү

Көрүлдү: 0

Апробацияга Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун кызматкерлери жана Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Сокулук, Аламедин районундагы бала бакча тарбиячылары менен усулчулар катышты.

post.title

 

Иш чаранын максаты - «SТЕМ-МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ» программасын кеңири талкуулоо жана макулдашуу. Ал - таанып-билүү ишмердүүлүгү жана илимий-техникалык чыгармачылыкка тартуу аркылуу интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө багытталган мектепке чейинки билим берүү боюнча модулдук программа.

«SТЕМ-МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ» модулдук программасы бала бакча тарбиячыларын жана 57 райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн усулчуларын балдар менен иштөөнүн заманбап практикасына үйрөтүүчү чоң программанын бир бөлүгү болуп саналат. Бул боюнча долбоор алкагында жалпы 6000ге жакын мектепке чейинки билим берүү кызматкерлерин окутуу пландаштырылган.

Презентацияда тренер-модератор заманбап шартта STEM билим берүүнүн актуалдуулугу тууралуу маалымат берип, программанын мектепке чейинки билим берүүгө киргизүүдөгү көйгөйлөрүн тааныштырды. Катышуучулар менен бирге «SТЕМ-МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ» программасын окутууда колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

«SТЕМ-МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ» программасы Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорунун алкагында иштелип чыккан.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар