Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
36 миң мугалимди окутуучу машыктыруучулар тренингден өтүштү

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында педагогдорду окутуучу машыктыруучуларга (тренерлерге) тренинг өткөрдү.

post.title

 

“Санариптик сабаттуулук” программасы боюнча жалпы өлкө боюнча 100дөй машыктыруучу 72 сааттык программанын негизинде атайын тренингден өтүштү.

Эми бул машыктыруучулар 2023-2024-жылдары долбоорго кирген 1200 мектептеги 36 миң мугалимдин санариптик көндүмдөрүн жогорулатат. Окутуу гибриддик форматта болот: 4 күн оффлайн (каникул учурунда), 4 күн онлайн жана 1 күн өз алдынча.

Онлайн окутуу Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун Moodle электрондук платформасында өтөт.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар