Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
“Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү” инструменти. 45 байкоочу-кодер 3 күндүк окутуудан өттү

Көрүлдү: 0

Педагогдордун ишинин эффективдүүлүгүн баалоо куралын колдонуу тандалып алынган эксперименталдык (120) жана контролдук мектептерде 2023-жылдын март-апрель айларында өтөт.

post.title

 

Бишкек шаарында уюштурулган 3 күндүк тренингде инструментти колдонуу учурунда педагогдорго байкоо жүргүзүүчү 45 кодер окутулду. Тренингдин максаты - баштапкы баалоонун бир бөлүгү катары маалыматтарды чогултуу үчүн байкоочулар тобун даярдоо.

Байкоочу-кодерлер педагогикалык билими, мектепте иштөө жана баалоо боюнча тажрыйбасы бар педагогдор. Алар республика боюнча  атайын критерийлердин негизинде тандалып алынган.

Тренингде катышуучулар “Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү” инструментти колдонуу менен баалоонун мазмуну, максаттары, методологиясы, баалоонун төрт багытынын критерийлери жана көрсөткүчтөрү менен таанышышты. Конкретүү окуу шартында баалагычтарды, көрсөткүчтөрдү аныктоону жана кодировка жүргүзүүнү, анын жол-жоболорун үйрөнүштү. Ошондой эле, мугалимдер, ата-энелер, администрация үчүн анкеталар менен таанышып чыгышты.

“Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү” (ББПБЖ) каражаты - сабактын жүрүшүндө мугалимдин да, окуучулардын да окуу чөйрөсүнө жана иш-аракеттерине байкоо салуунун негизинде түзүлгөн окутуу процессин комплекстүү баалоо куралы. Инструмент буга чейин Кыргызстанда апробациядан өткөн CLASS (Classroom Assessment Scoring System) каражатынын базасында улуттук инструмент катары Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында иштелип чыкты.

Каражатты колдонуу менен негизги изилдөө 2024-жылдын ноябрь айында өткөрүлөт.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар