Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Баткен облусундагы электрондук китепканаларга мониторинг жүргүзүлдү

Көрүлдү: 0

“Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Кыргызстандын 1200 мектептеринде электрондук китепканалар түзүлгөн.

post.title

 

Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен областына жасаган жумуш сапарында Кадамжай, Лейлек, Баткен райондорундагы мектептерде түзүлгөн электрондук китепкана кааналары менен таанышып, маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Долбоорго аталган областтан 133 мектеп кошулган.

Долбоордун IT-координатору Доорон Алимбаев мектептерге буга чейин жеткирилген эмерек, компьютердик жана оргтехникалардын абалы менен таанышып, электрондук китепканын иштөө принциби тууралуу айтып берди. Ошондой эле мектептердеги STEM (табигый илим предметтери) предмет мугалимдери менен баарлашып, аталган предметтер боюнча 5-11-класттар үчүн кошумча электрондук окуу каражаттарын камтыган электрондук платформа   түзүлө турганын белгилеп өттү.

1200 мектептеги электрондук китепканаларга мониторинг жүргүзүү иштери улантылат.

Белгилей кетсек, “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында 1200 мектепте жана 8 педколледжде электрондук китепкана үчүн өзүнчө класстар ачылып, эмеректер менен жабдылды. Ар бир мектепке 21 даана компьютер, 6 проектор, 2 коммутатор, 1 көп функционалдуу принтер жана 1 үзгүлтүксүз энергия булагы (UPS) берилди.

Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмү

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар