Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
«Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлору Баткен облусундагы бенефициарларына тааныштырылды

Көрүлдү: 0

Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда өткөн маалыматтык жолугушууларга «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлоруна кирген мектеп мүдүрлөрү, айыл өкмөт башчылары, шаардык/райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана райондук, шаардык бийликтин өкүлдөрү катышты.

post.title

 

Жыйында Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн IT-координатору Доорон Алимбаев, жарандар менен иштөө, коомчулук менен байланыш адиси Акылбек Орозматов, социалдык маселелер боюнча адиси Талант Эркинбеков жана экология боюнча адиси Каныбек Жумалиев аткарылып жаткан жумуштар тууралуу маалымат берип, долбоордун максат-милдеттерин, багыттарын түшүндүрдү.

Презентация учурунда тиешелүү багыттар боюнча келишимдин негизинде бекитилген тараптардын милдеттери, жасалууга тийиш болгон жумуштар эскертилип, жаралган көйгөлөрдү алдын алуу чаралары тууралуу сунуштар берилди.

«Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорун Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жатат.

Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмү

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар